Заманбап адам күн сайын жумушта жана жеке жашоосунда ар кандай кыйынчылыктарга туш болот. Туура эмес тамактануу, стресс, уйкунун жетишсиздиги - мунун баары сиздин жалпы абалыңызга жана эмоционалдык абалыңызга таасир этиши мүмкүн.
Ден соолук көйгөйлөрүн алдын алуу үчүн мындай зыяндуу факторлорду көзөмөлдөп, аларды азайтууга аракет кылуу керек. Ошондуктан, биз сиздин абалыңызга таасир эте турган жалпы 6 себепти чогулттук. Жана аягында мындай факторлор көп болсо, өзүңүзгө кантип жардам берүү керектиги жөнүндө айтып беребиз.
Кыймылсыз жашоо образы
Эртең менен ойгонуп, тез даярданып, жумушка унаа, автобус же метро менен жөнөйбүз. Ал жерде 8 саат компьютерди тиктеп отуруп, кайра унаа же автобус менен жол тыгынында туруп үйгө жетебиз. Сейилдөөнүн ордуна диванга жатып алып, ноутбукту же смартфонду тиктеп кайра отурабыз. Ал эми дем алыш күндөрү жумуштан эс алып уктайбыз. Тааныш көрүнүш эмеспи?
Адам өзүн жакшы сезүү үчүн кыймылдашы керек. Көнүгүү, машыгуу, велосипед тебүү же жок дегенде, күн сайын эң аз дегенде 30 мүнөттөн басуу - зат алмашууга жана энергия алмашууга жардам берет. Энергия болбосо - жашоого күч болбойт, булчуңдар чымырдуулугун жоготот жана абалыңыз начарлайт.
Зыяндуу тамак-аш
Айланада фастфуд, ундан жасалган тамактар, таттуулар жана газдалган суусундуктар түрүндө азгырыктар көп болгондуктан, пайдалуу азыктар адатта экинчи планга өтүп баратат. Белоктор, майлар жана углеводдор, ошондой эле көптөгөн витаминдер жана минералдар бар балансталган рацион- бул организмге керектүү энергияны алуунун дагы бир жолу.
Уйкунун жетишсиздиги
Уйкунун "нормасы" - бул жеке түшүнүк жана толук кандуу эс алуу жана жакшы иштөө жөндөмдүүлүгү тууралуу өзүңүздүн сезимдериңизге таянсаңыз жакшы болот. Бирок жалпысынан алганда, дарыгерлер орточо адам 6-8 сааттан кем эмес укташы керек деген пикирде. Бул убакыттын ичинде организм күнүмдүк стресстен калыбына келүүгө үлгүрөт.
Бирок, уйку жөн гана эс алуу эмес. Бул учурда дененин дээрлик бардык системаларында маанилүү физиологиялык процесстер жүрөт – анын ичинде эң пайдалуу мелатонин гормонун иштеп чыгаруу. Толук кандуу уйкунун натыйжасында оору коркунучу азаят.
Жумуштагы жана үйдөгү стресс
Стресс - бул турмуштун кырдаалдарына болгон табигый реакция. Ал эми кээ бир учурларда – мисалы, коркунучтарда – ал чындап эле куткарат. Чындыгында, стресс учурунда адреналин бөлүнүп чыгат, ал башка гормондун – кортизолдун иштеп чыгаруусун күчөтөт. Стресс күчтү жана туруктуулукту жогорулатат жана кооптуу кырдаалдардан качуу үчүн кошумча энергияны топтоого мүмкүндүк берет – мисалы, мурда ал адамды жырткычтардын чабуулунан сактап калчы.
Тилекке каршы организм үчүн кандай коркунуч болгону айырмасы жок– жырткычтарга жем болуу коркунучу болобу, же жумуштагы жана үйдөгү көйгөйлөр болобу– кортизол эки учурда тең иштеп чыгарылат. Стресс канчалык узакка созулса, ошончолук ал башка гормондорду, анын ичинде серотонин менен дофаминди "сүрүп чыгарып" баштайт, алар жакшы маанай, тынч алуу, жашоодон ырахат алуу, эс тутум жана көңүл буруу үчүн жооптуу.
Талмоорсуу
Вирустардан келип чыккан ар кандай оорулар, анын ичинде КДВО, сасык тумоо жана COVID -19, мурун бүтүү, жогору дене табы жана булчуңдардын сыздашына гана алып келбейт. Кээде вирустук инфекциянын өзү да жана калыбына келүү мезгили да алсыздык, талмоорсуу жана күчтүн жоголушу менен коштолот. Бул жерге жогоруда айтылган зыяндуу факторлордун калганын кошсоңуз - организмдин катуу алсыроосу пайда болот.
Эмоционалдык жана физикалык күч келүү
Айланабызда баары иш өндүрүмдүүлүгү жөнүндө жана барына жетишүү канчалык маанилүү экенин айтып жатышат. Көп адамдар бардык иштерин айкалыштырууга аракет кылып, барын башына үйүп башташканы таң калычтуу эмес. Жумуш, окуу, балдарды тарбиялоо, машыгуу, көңүл ачуу, саякаттоо жана өзүн-өзү өнүктүрүү.... Мындай тыгыз графикте адамдын эс алууга убактысы жок болот, натыйжада эмоционалдык жана физикалык күч келүү пайда болот. Организм аларга туруштук бере албай, чарчоо, апатия, начар абал, "иштебей калган батарейканын" абалы - түрүндө жообун артка кайтарат.
Албетте, булар биз ар тараптардан туш болгон бардык кыйынчылыктар эмес. Аларды жыйынтыгында мунун баары жалпы абалына абдан таасир тийгизери жана астенияга же өнөкөт чарчоо синдромуна алып келери бириктирет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул абал күчтүн жоголушу, көңүл буруу концентрациянын жана эс тутумдун жоголушу менен коштолот. Астениянын кадимки чарчоодон негизги айырмасы – адам көпкө эс алгандан кийин да өзүн жакшы сезбейт.
Бул кыйынчылыктардын кесепеттери менен кантип күрөшүү керек
Албетте, өзүн-өзү дарылоонун кереги жок. Бул астениябы же кадимки чарчообу же кандайдыр бир башка оорунун белгилериби, аны адис гана так аныктай алат.
Абалыңызды жеңилдетүү үчүн туура тамактануу, көбүрөөк эс алуу, жумушка жана үй-бүлөгө тиешеси жок иштер менен алектенүү сыяктуу астениянын бардык себептерин жок кылуу керек. Мындан тышкары, Милдронат ® 250 сыяктуу атайын препараттарды ичип баштасаңыз болот.
Ал төмөнкүлөрдү колдойт:
- жүрөк-кан тамыр системасын. Адам стресс болгондо жана чарчаганда жүрөк чекте иштей баштайт жана ушундан улам кычкылтектин жетишсиздиги пайда болот. Милдронаттын® 250 мг курамындагы мельдонийдин аркасында клеткаларга кычкылтекти жеткирүүнү, анын оптималдуу керектөөсүн жакшыртууга жардам берет жана миокард клеткаларынын бузулуу коркунучун азайтат.
- нерв системасын. Милдронат® 250 мг борбордук нерв системасына түрткү берет жана кыймыл активдүүлүгүн жана физикалык туруктуулукту жогорулатат.
Милдронат®250 препаратын колдонгондон кийин организм күч келүүгө туруктуу болуп, энергияны тез калыбына келтирет.