Инфекциядан кийинки астения деген эмне жана аны кантип жеңсе болот 

Сезондук суук тийүү жөнүндө бардыгы уккан. Бактыга жараша, көпчүлүк адамдар алдын алуу чараларын жакшы билишет жана курч респиратордук инфекциядан (КРИ) алыс болуу мүмкүн болбой калса, дарыгерге кайрылышат, бирок баары эле мүмкүн болуучу оорлошуу жөнүндө билбейт.  Алар  менен кантип күрөшүү керектиги жөнүндө дагы билишпейт. 

КРИ көптөгөн оорлошууларды жаратышы мүмкүн, алардын арасында: жүрөктүн, бөйрөктүн жабыркашы, өпкөнүн сезгениши, өнөкөт оорулардын курчуусу жана инфекциядан кийинки астения. Акыркысы бизди абдан кызыктырат, анткени ал өтө көп кездешет. Бул абал ар кандай болушу мүмкүн, анткени инфекциядан кийинки астениянын белгилери дароо байкалбашы мүмкүн. 

Инфекциядан кийинки астения деген эмне? 

Байыркы грек тилинен "астения" деген сөз "алсыздык" деп которулат, бул чындыкка жаткан сүрөттөө болуп эсептелет. Чоң медициналык энциклопедия бул терминди маанайдын өтө туруксуздугу, өзүн башкаруунун начарлашы, чыдамсыздык, тынчы жоктук, уйкунун бузулушу, узакка созулган психикалык жана физикалык чыңалуу жөндөмдүүлүгүн жоготуу, катуу үндөрдү, жаркыраган жарыктарды, курч жыттарды көтөрө албастык менен жогору алсыроо жана начарлоо сыяктуу оору абалы катары мүнөздөйт. 

Инфекциядан кийинки астения организмдеги зат алмашуу процесстериндеги вирустук уулануунун  бузулушунун натыйжасында, андан ары энергиянын пайда болушу  жана сарптоонун бузулушу менен пайда болот. Анын себептери "аягына чейин дарыланбаган оору", жалпы чарчоо же организмдин уулануусу болушу мүмкүн. Жогоруда айтылгандардын баарынан көрүнүп тургандай, астениянын симптомдору ар кандай: буту-колу муздагандан жана башы ооругандан  баштап,  акыл-эс жана физикалык эмгекке иштөө жөндөмүн толук жоготууга чейин болот. 

Инфекциядан кийинки астения менен кантип күрөшүүгө болот

Оорудан кийинки кадимки чарчоо көнүмүш нерсе, бирок аны астения менен алмаштырбоо керек. Акыркысында алсырап күчүн жоготуу   бир нече айга же андан көпкө созулат. Мындай абал норма болуп эсептелбейт, ага чыдап жүрө бербеш керек же өз алдынча дарыланууга болбойт. Тиешелүү дарылоону дайындай турган адиске кайрылуу керек. 

Тезирээк  калыбына келүү үчүн өзүңүзгө ашыкча жумушту жүктөбөңүз жана ден-соолугуңузга кам көрүңүз (туура тамактануу, таза абада сейилдөө). Организмге жардам берүү үчүн зат алмашуу процесстерин жакшыртуучу жана жашоо энергиясын өндүрүүнү активдештирүүчү препаратты ичсе болот, мисалы, Милдронат® 250мг

Милдронат® 250мг клетка ичиндеги энергия процесстерин оптималдаштырат жана сергитүүчү таасир көрсөтөт.  Ошондой эле жүрөк-кан тамыр системасын колдойт, бул инфекциядан кийинки астенияда өзгөчө маанилүү, анткени КРИ мезгилинде пайда болгон гипоксияга ылайыкташуу жүрөккө жүктөмдү жогорулатат.  

Милдронат® 250мг адамдын физикалык жана акыл-эс жөктөмдөрүнө туруктуулугуна жагымдуу  таасир этет. Препаратты кабыл алуу ыңгайлуу, анткени ал капсула формасында  болот (баштапкы дарылоо үчүн 20 даана жана толук курс үчүн бир таңгакта  40 даана). 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.