Спорт залда натыйжалуу машыгуулардын сырлары 

Секреты эффективных тренировок в спортзале

Спорт залга барганда сиз алдыңызга кандай максат койгонуңуз маанилүү эмес – булчуңдардын массасын чоңойтуу, денени чыңдоо, арыктоо же башка нерсе. Натыйжалуу машыгуунун бир нече жөнөкөй сырлары ар кандай учурларда сизге керек болот. 

  1. Социалдык тармактарда жүздөгөн спорттук видеолорду көргөн болсоңуз да, машыктыруучу менен машыгыңыз. Инструктор сиз үчүн машыгуу программасын түзүп, негиздерин түшүндүрүп, көнүгүүлөрдү аткаруунун туура техникасын көрсөтүп, оптималдуу жүктөмдү аныктоого жардам берет. Машыктыруучу менен ар дайым машыгуунун кажети жок, бирок алгачкы эки-төрт жумалык машыгуу абдан жагымдуу. 
  1. Машыгууларыңыздын интенсивдүүлүгүнө көз салыңыз. Спорт күндөлүгүн жүргүзүңүз. Ал дептер гана болушу шарт эмес – смартфондор үчүн көптөгөн тиркемелер бар. 
  1. Машыгуунун жыйынтыктары, сиздин таасирлериңиз, сүрөттөрүңүз, жакынкы келечекте спорттук максаттарыңыз менен социалдык тармактарда бөлүшүңүз. Бул кошумча түрткү берүү болот. Сиздин ийгиликтериңизди башкалар карап турганда, сиз өзүңүзгө оңой эле баш тартууга жол бербейсиз. 
  1. Эрегишке чакырыңыз. Өзүңүзгө теңтайлашуучу табыңыз. Бул сиз менен машыгуу залына чогуу барган досуңуз болушу мүмкүн же онлайн натыйжаларыңызды салыштыра турган виртуалдык атаандаш болушу мүмкүн. Атаандаштыктын элементи ар дайым ийгиликке жетүү үчүн мотивация берет. Маанилүүсү: аны ашыкча жасабаңыз! Жүктөмдү акырындык менен жогорулатуу жана организмдин абалын дайыма көзөмөлдөө өтө маанилүү экенин унутпаңыз. Эгерде, ошентсе да, сиз ашыкча чарчоону сезип жатсаңыз, "Милдронат® 250 мг капсулалары" препаратын кабыл алып көрүңүз. Бул сиздин организмди калыбына келтирүүгө жардам берүүчү жана физикалык ашыкча жүктөмдүн белгилерин азайтуучу каражат. Колдонуунун алдында, нускамасы менен таанышыңыз. 
  1. Уйкуңузду кандырыңыз, туура тамактаныңыз жана машыгууга жакшы маанай менен келиңиз. Уйкунун жетишсиздигинен жана туура эмес тамактануудан келип чыгышы мүмкүн болгон организмдин чарчоосу сиздин машыгууларыңыздын душманы. Жетиштүү уйкунун жана пайдалуу тамактануунун маанилүүлүгүн унутпаңыз. Ийгиликтүү машыгууңуз үчүн өзүңүздү булочка менен сыйлабаңыз.  
  1. Cпирт ичимдиктерин азайтыңыз (жана идеалдуу түрүндө, машыгуу мезгилине андан баш тартыңыз). 
    Эгерде сиздин маанайыңыз начар болсо (жалкоолук менен алмаштырбаңыз), машыгуу керектүү пайда алып келбейт. Ар бир спорттук машыгууга көңүлдөнүп, өзүңүздүн спорттук максаттарыңызды кайталаңыз жана бүгүн сиз кечээкиден жакшыраак боло турганыңызды унутпаңыз. 
  1. Жыйынтыктарды  дароо күтпөңүз. Машыгуучу залга барган ар бир адам анын машыгуулары эң жакшы натыйжа беришин каалайт. Бирок машыгуу тез натыйжа күтө турган нерсе эмес. Алдыда максатыңызга жеткирүүчү көп сааттык машыгуулар бар. Прогресске акырындык менен жетүү керек, ошондо анын жемиштери сизде көпкө сакталат. Тез натыйжага умтулбаңыз. 
  1. Машыгууларда эң негизгиси алардын үзгүлтүксүздүгү экендигин унутпаңыз. Машыгуунун графигинен качып, жалкоолукка жол бербеңиз. Эгер сиз бир машыгууну өткөрүп жиберүүдө эч кандай жаман нерсе жок деп ойлосоңуз, мурунку аракеттердин бардыгын жокко чыгарып саласыз. Биз бардыгыбыз адамбыз – кээде эч нерсе кылгыбыз келбейт, бирок кимдир бирөө оңой эле багынса, кимдир бирөө өзүн колго алып, машыгууну уланта алат. 

Машыгуулар ийгиликтүү болсун! 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.