Чуркоону баштап: биринчи кадамды жасаңыз 

Начать пробежки: сделать первый шаг 

Күн сайын машыгууга жарым саат бөлүүнү чечкен соң, ошол эле күнү чуркоого чыгуу керек. Умтулуу күчтүү болуп турганда, эң көп дегенде кийинки күнү. Дароо чуркоо зарыл эмес, машыгуу боло турган болжолдуу каттам боюнча тез темп менен басуу жетиштүү. 

Убакытты да жашоонун графигине ылайык тандоо керек. Эрте турганды жакшы көргөндөр үчүн эртең мененки тамактанууга чейинки чуркоо пайдалуу, ал эми эртең менен кошумча он минута уйкуга бардыгын берүүгө даяр болгондор үчүн көнүгүүнү кечинде жасаганы жакшы болот. Чуркоону баштоодон мурун, жаңы баштаган спортчу тамактануу графигин бир аз жылдырышы керек: ачка чуркаган адам тез чарчайт, жакында эле тамактанып алып чуркаган адам үчүн тамак сиңирүү жана ашказанында оордук пайда болуу коркунучтары бар. Жаңы баштоочулар үчүн чуркоону тамактангандан 40-60 минутадан  кийин баштоо эң пайдалуу болот. 

Эгерде даярдык "мыкты" өтсө, анда кантип туура чуркап баштоону түшүнүү керек. Чуркоо мертинүүгө алып келиши мүмкүн болгондуктан, кыймылдын механикасын элестетип алуу керек. Мисалы, чуркоочу профессионал экени айкын билинип турган машыгуу видеолорун көрүңүз: 

  • жерге тийгенден кийин салмагын бутуна которуп, ыңгайлуу кадам жасайт; 
  • көкүрөккө жакын башаламан эмес, колун бир тегиздикте, денеге параллелдүү кыймылдатат, ошол эле учурда манжалар бош турат, колдун кыймылы кошумча ылдамданууну берет; 
  • денени бир аз эңкейтип, мында ийиндерин түздөп, ичи бир аз тартылат; 
  • шашпайт; 
  • суюктуктун жетишсиздигин каалаган убакта толтуруу үчүн жанында суунун запасы бар; 
  • жүгүн жумшартып, муундарга болгон коркунучту азайтуучу жана чыгып кетүү ыктымалдыгын азайтуу үчүн, буттун таманын бекитен бут кийим кийет,  

Эгерде гардеробдо кроссовкаларыңыз жок болсо, чуркоону баштоодон мурун, аларды сатып алып  чыгым болууга туура келет. Туфли, сандал, үйдө кийилүүчү кепич, лофер же балетка менен чуркоонун кереги жок – бут кийимдердин бул түрлөрүнүн таманы катуу жана чуркоодо муундарга күч келтирет. Эгерде сизде кедаңыз болсо, анда сиз атайын спорттук батектерди сатып алсаңыз болот, бирок машыгуунун ритмине киргенден кийин, алыскы аралыкка чуркоо үчүн атайын бут кийим сатып алганыңыз туура болот. 

Чуркоодо чыдамкайлыкты жогорулатуу: ылдамдыкка караганда аралык маанилүү 

Чуркоодо чыдамкайлыкты жогорулатуу – бул бардык спорттун сүйүүчүлөрү үчүн негизги милдети. Дал ушул шашпай, бирок узак убакытка чуркоо жөндөмү адамдарды эң мыкты мергенчилерден кылган, анткени бир дагы жаныбар узак аралыкка чуркай албайт. Цивилизация тамак-аш табуу процессин бир топ жөнөкөйлөштүрсө дагы, чоң аралыкка чуркоо мүмкүнчүлүгү сакталып калды. Табигый белекти жакшыртуу гана керек, ал үчүн чуркоо керек. Кантип кыймылдоону жана туура дем алууну баштоону организм сизге өзү айтып берет, бирок көп нерселерди теориялык жактан изилдеп чыгууга болот жана керек. 

Заманбап чуркоочулардын маанилүү айырмачылыгы бул булчуңдардын өрчүбөгөндүгү. Эгерде илгертеден адамдар дайыма басууга жана чуркоого аргасыз болушса, алардын денеси атайын көнүгүүлөрсүз эле өзүнөн-өзү күчтүү болуп калган. Заманбап адамдар дененин күч-кубатка жетишсиздигине жана чыдамкайлыгына дуушар болушат: жаратылыш колдонулбаган булчуңдарды өрчүтпөйт. Ошондуктан, биринчи чуркоодо сиз дароо 5-7 километр чуркоого аракет кылсаңыз, же жөн эле көнүгүүлөрдү улантууга күчүңүз жетпей калышынча чарчасаңыз чуркоодон көңүлүңүз калышы мүмкүн. Бирок мындай абалдан чыгуу жолу бар: чыдамкайлыкты акырындык менен өстүрүү. 

Адамдын организми чуркоону жакшы кабыл алат, ошондуктан аны баштоо кыйын болбойт. Биринчи бир нече машыгууларда бир километр жайбаракат чуркоо жетиштүү. Ошол эле учурда чуркоонун техникасын, дем алууну жана өзүңүздүн абалыңызды, ошондой эле дененин сезимдерин көзөмөлдөө маанилүү. Кыймылдардын техникасын түшүнүп туруп, машыгуулардын аралыгын жана убактысын акырындык менен көбөйтүүгө болот. Болжол менен жыйырманчы минутада өзгөчө эйфория сезими пайда боло баштайт, дене бир калыпта кыймылдайт, көзөмөл мүмкүн болуучу коркунучтарды аныктоого гана керек болот жана мээ эс алат- дал ушул үчүн көптөгөн чуркоону сүйүүчүлөр чуркашат. Туура дем алуу бардык ички процесстерге пайдалуу таасир этүүчү кычкылтек менен бардык клеткалардын каныккандыгына кепилдик берет. Бирок, тынбай жыйырма минутадан ашык чуркоону үйрөнүү оңой эмес болушу мүмкүн. 

Процессти тездетүү: дары-каражаттары менен чуркоодо чыдамкайлыгын жогорулатуу 

Узак аралыкка чуркоону баштоого туура эмес дем алуу, чарчоо жана булчуңдардын ооруусу, ошондой эле күтүлбөгөн жерден жогорулаган жүктөмгө даяр эмес алсыз жүрөк тоскоол болушу мүмкүн. Адаптация мезгилин жеңилдетүү үчүн чыдамдуулукту жогорулатуучу каражаттар жардам берет. Эреже катары, мындай каражаттар машыгуудан кийин калыбына келтирүүнү тездетет, же чыдамкайлыктын жогорулашын камсыз кылып, зат алмашууну тууралайт. Спорттук машыгууну эң башында эле жүрөктү ашыкча жүктөмдөрдөн коргоо алда канча маанилүүрөк. 

Чыдамкайлыкты көбөйтүүчү таблеткаларды көбүнчө спорттук кардиопротекторлор деп эсептешет жана жаңы чуркоочулар үчүн жеткиликтүү жана убакыт менен текшерилген каражаттар бар. Мисалы, 250 мг капсулалардагы Милдронат® жүктөмдүн көбөйүшүндө клеткадагы зат алмашууну оптималдаштырууга жардам берип, клетканын тамактануусунун башка түрүнө өтүшү менен жетишсиз кычкылтектин ордун толтурууга жардам берет. Кийин, организм стресс менен өз алдынча күрөшүүгө жана туура дем алууга үйрөнгөндө, мындай колдоо мындан ары милдеттүү болбой калат. 

Чуркоодо ылдамдык чыдамдуулугун жогорулатуу: эмне үчүн керек жана ага кантип жетүү керек 

Ар кандай спорттук машыгуулар убакыттын өтүшү менен жүктөмдүн көбөйүшүн талап кылат, анткени организм ар кандай милдеттерге ылайыкташа алат. Кайсы бир убакта чуркоо үчүн бөлүнгөн убакыт бүтөт, бирок көбүрөөк чуркоо каалоосу кала берет. Дал ушул учурда чуркоодогу ылдамдыкты жогорулатуу жөнүндө ойлонуу керек. 

Тагыраак айтканда, чуркоо учурундагы ылдамдыкка чыдамдуулукту сабаттуулук менен жогорулатууну, адаттагы аралыкты тезирээк чуркап салуу каалоосу пайда болгондо, бир аз эрте баштоо керек. 

Ылдамдуулук чыдамкайлыгын жогорулатуунун бир нече ыкмалары бар: 

  1. Ылдамдануу менен кадимки чуркоо темпинин кезектешүүсү жүрөккө пайдалуу. Оптималдуу ылдамдануунун аралыгы - төрт минутага чейин, кадимки темпте  чуркоо - жети сегиз минута. Бир чуркоодо ылдамдыкты 5-6 жолу өзгөртүүгө болот. Акырындык менен ылдамдануу аралыгын узартышат. 
  1.  Түртүү күчүн жогорулатуу – дал ушунун эсебинен спринтерлер эбегейсиз ылдамдыкты көбөйтүшөт. Атайын көнүгүүлөр: согончокту жамбашка дээрлик тийгизип, балтырды өзүнө тартып чуркоо, секирүүлөр. Буларды чуркоонун экинчи жарымында булчуңдар жетиштүү жылыганда аткаруу эң жакшы.  
  1. Денени жазуу  жана чоюлуу. Ар бир чуркаган адам жумшарган булчуңдар жакшыраак иштерин билет, ал эми чоюлгандан кийин зыян келтирүү коркунучу бир топ төмөндөйт. Ошондуктан, ылдамдык чыдамкайлуулугун жогорулатуу үчүн, булчуңдарды чоюну өзгөчө кылдаттык менен жасоо керек. 

 Чуркоонун ылдамдыгын жогорулатуу жөнүндө негизги техниканы өркүндөткөндөн кийин гана ойлонуу керек, анткени чуркоодо чыдамкайлыкты жогорулатуу үчүн атайын каражаттарды колдонгондо да чуркоонун узактыгын жана ылдамдыгын бир убакта көбөйтүү кооптуу. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.