Орто куракта машыгууну кантип баштоого болот

Как начать тренироваться в зрелом возрасте

Классиктин белгилүү сөзүн башкача айтсак "Спорт бардык  курактагылар үчүн" деп айтууга болот. Бүгүн биз орто куракка жеткенде машыгууну кантип баштоо керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз.

Туура ой жүгүртүү - ийгиликке жетүү үчүн биринчи кадам

Албетте, 40-50 жашында чоң спорттун олимпин багындырууга кеч болуп калат. Бирок орто куракка жеткенде үзгүлтүксүз көнүгүү жасап, ден соолугу чың жана күчтүү денеге умтулуу уят деп ким айтты? Бардык күмөн саноолорду четке кагып, жакынкы спорт залга барыңыз.

Жаш муундарга теңелбеңиз

Жыйырма жаштагы балдар жана кыздар тренажерлор менен сааттап машыгууга, күч көнүгүүлөрүн виртуоздук менен аткарууга жана шамдагайлыгын жана чыдамкайлыгын ар тараптан көрсөтүүгө жөндөмдүү. Сиз да алардын жашында болгонсуз — курдаштарга жагууну  каалоо, жылдын башкы кечесине арыктап барууга умтулуу — бул жаңы ийгиликтерге жетүү үчүн абдан жакшы түрткү. Бул жаңы Геркулестерди кууп жетем деп  умтулбаңыз – өзүңүздүн машыгуу программаңызды иштеп чыгыңыз, анда ар түрдүү көп көнүгүүлөр камтылбаса да, натыйжалуу болушу керек.

Көнүгүүлөр  сизге жагышы керек

Кээ бирөөлөр күч  машыгууларысыз жашай албайт, ал эми кээ бирөөлөр үчүн алар таптакыр жакпайт. Кимдир бирөө кардио машыгууну жактырса, башкалары физикалык активдүүлүктүн бул түрүн кызыксыз деп эсептешет. Бирок, өзүлөрүнүн каалоолоруна карабастан, адамдар сүйбөгөн спорт менен машыгып, натыйжада бул аракети  акталат деп өздөрүн сооротушат. Каалоосуз жасалган көнүгүүлөр да денеңизге пайда алып келе алат, ал эми эгерде сиз спорттун сизге жаккан түрү менен алектенсеңиз — пайдасы эки эсе болот (денеге гана эмес, жанга да). Кубаныч менен жасай турган нерсени гана тандаңыз!

Туура тамактар

"Машыгууга чейин эмне жесе болот?"- бул суроо көпчүлүктү тынчсыздандырат. Сизди кубаттандыруу жана жемиштүү машыгууга шыктандыруу үчүн тамак оор эмес, бирок аш болумдуу болушу керек. Варианттар ар кандай: банан, быштак, дан өсүмдүктөрүнөн жасалган батончиктер, бышырылган жумуртка, жаңгак.

Өзүңүздүн машыгууңузду натыйжалуу кылыңыз

Спорт менен машыгуу үчүн оптималдуу убакытты тандаңыз. Жумушка чейин машыгууга барсаңыз болот - ошентип сиз эртеден кечке кубат алып, спорттук  милдетиңизди  аткардым деген сезим менен иштей баштайсыз. Эс алууга убакыт болушу үчүн жумуш күнүнөн кийин да машыкса болот.

Машыгып жатканда сүйүктүү музыкаңызды угуңуз. Жаңы кеда жана спорттук костюм сатып алыңыз – жаңы кийимдер ар дайым көңүлүңүздү көтөрөт. Спорт залда машыгуу менен гана чектелип калбаңыз — эртең менен гимнастика жасаңыз, бассейнде сүзүңүз, велосипед же лыжа тебиңиз, түшкү тыныгуу учурунда сыртта жүрүңүз — мүмкүнчүлүктөр көп. Уйкуңуз жетиштүү болсун — сиз машыгууга сергек болушуңуз керек. Өзүңүзгө бонустук тутумду ойлоп табыңыз - мисалы, эгер сиз бир ай спорт графигинен баш тартпасаңыз, анда театрга баруу менен өзүңүздү сыйлаңыз.

"Милдронат® 250мг капсуласы "дарысын колдонуп көрсөңүз болот — ал организмге келтирилген жүктөмдү жеңүүгө жана энергия резервдерин тез калыбына келтирүүгө жардам берет. Милдронат 250мг капсуласы клеткалардагы энергия алмашууну оптималдаштырат жана аларды жабыркоодон сактайт.

Спорт жөнүндө китептерди окуңуз

Бул илимий эмгектер болушу шарт эмес - чыныгы адамдардын окуялары жана мотивациялык мисалдары камтылган китептер жетиштүү. Мисалы, Джек Дэниэлстин "Марафонго чейин 800 метр" китеби же Крис Маккормактын "Мен жеңишке жетүү үчүн келдим" чыгармасы.

Машыгыңыз - сиз ийгиликке жетесиз!

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.