Жумушта кантип күйүп кетпеш керек?

Как не сгореть на работе?

Жумуш канчалык кызыктуу болсо дагы, бардык убакытты жана күчтү талап кылбашы керек, анткени үй-бүлө менен баарлашуу, өзүн-өзү өркүндөтүү, хобби, уйку жана эс алуу сыяктуу кичинекей муктаждыктар бар. Бирок, азыркы заманда ийгиликтүү карьеранын баалуулугу өтө эле апыртылган жана социалдык тармактарда жайылтылган "ийгиликтин иллюзиясы" менен айкалышкан мотивациялык тренингдердин көптүгү жана ар түрдүүлүгү көбүнчө өтө чарчап-чаалыгууга алып келет.

Супер өндүрүмдүүлүк миф эмес          

Чындыгында, супер өндүрүмдүүлүк сыяктуу көрүнүш бар жана көптөгөн адамдар маанилүү нерсени унутуп салып, ага умтулушат: мүмкүнчүлүктүн туу чокусунда иштөө кыска гана убакытка мүмкүн – ой жүгүртүү жана чечим кабыл алуу ылдамдыгы эң маанилүү болгон долбоорду аяктоо мезгилинде же тескерисинче, иштин баштапкы баскычында. Мындай натыйжалуулук адатта коюлган максаттарды аткарууга жана кийинки мындай иштер үчүн күч-кубатты калыбына келтирүүгө убакыт болгондой кылып, кадимки күнүмдүк режим менен алмаштырып туруу керек. Тилекке каршы, көп адамдар бул жөнүндө унутуп, ар дайым максималдуу натыйжалуулукту берүүгө аракет кылып, дивиденддерди алган абийирсиз иш берүүчүлөр кызматкердин келечектеги тагдырына маани бербей, коучтардын жана тренерлердин жардамы менен кызматкерлерди кошумча мотивациялоого аракет кылышат.

Натыйжасы коркунучтуу: 30-35 жашка чейин адамдардын көбү кесиптик да, эмоционалдык да күйүп кетүү көрүнүшүнө туш болушат, андан тышкары көптөгөн психосоматикалык бузулууларга чалдыгышат. Мындай абалда мотивациялоочу тренингдер кыжырданууну жана өзүнүн эмгекке жарамсыздыгы үчүн күнөөлүү сезимди пайда кылат, бул күчтү калыбына келтирүүгө жардам бербейт. Кызмат ордунан айрылып, көнүмүш жашоо образынан айрылып калуудан коркуу сезими кошулат, жана көпчүлүк адамдар чарчап-чаалыгууну чечүү үчүн жолдорду психотерапевттин креслосунда издешет.

Учууга даярдануу  

Психолог кеңеш бере турган эң жакшы нерсе – өзүңүздү нервдик чарчоого алып келбөө, эс алуу менен иштин катышын дайыма теңдөө. Айланадагылардын бардыгы тезирээк чуркаганга аракет кылып жаткан шартта, стратегия утулуп калгандай сезилет, бирок иш жүзүндө эс алууну, калыбына келүүнү жана супер өндүрүмдүүлүк толкунуна кайра чыгууну билген жумушчу жакшы натыйжаларды берет. Күйүп кетүүдөн коргогон жумушка туура мамиле жасоонун сыры жөнөкөй:

  1. Күнүмдүк милдеттерди күн сайын аткарууга белгиленген убакыт бөлүү керек.
  2. Жумуш күнү нормасынан ашкан, эмоциялар чектен ашып кеткен белгиленген мөөнөттөрдө жана брейншторм (мээ чабуулу) мезгилдеринде, рационду кылдаттык менен пландаштырып, уйкуга 7-8 саат бөлүү керек. Бөлүп бөлүп тамак ичсе болот - 4 саат, бирок бул вариант ар бирине эле туура келе бербейт.
  3. Маанилүү долбоорду же иштин этабын аяктагандан кийин, бир нече күн бөлүп, аны эс алууга арнаш керек: саунага же массаж бөлмөсүнө баруу, музейге же театрга баруу, жакындарыңыз жана сүйүктүү адамдарыңыз менен баарлашууга.
  4. Шыктануу басаңдаган мезгилде, жаркыраган идеялар караңгы болуп турганда, этап – этабы менен план түзүп койсоңуз -долбоорду өткөрүп бергенге чейинки акыркы күндөрдү маанисиз чарчатуучу жарышка айланткан ийгиликсиздиктерден жана тажатма каталардан алыс болууга болот.
  5. Эгерде жумуш берүүчү кызматкерлердин мезгил мезгили менен эс алуусун жана жеке убактысын талап кылганына канааттанбаса, анда таржымалды жумушчуларды көбүрөөк баалаган компанияга жөнөтүү керек.
  6. Иштин жогорулашы талап кылынган мезгилдерде жүрөктү ашыкча жүктөмдөн коргой турган жана мээнин иштешин жогорулатуучу атайын каражаттарды алуу керек.  Мисалы, Милдронат ® 250мг, оор жүк шартында кычкелтекти жеткирүү менен клеткалардын ага болгон муктаждыгынын ортосундагы тең салмактуулукту калыбына келтирип, клеткаларда уулуу зат алмашуу продуктуларынын топтолушун жок кылып, аларды бузуудан сактайт; ошондой эле сергитүүчү таасирин тийгизип, узак убакыт бою жогору акыл-эс жана физикалык активдүүлүктү сактоого мүмкүндүк берет.

Бул эрежелерди сактоо организмге жогорку активдүүлүк мезгилдеринен кийин калыбына келүү убактысын камсыз кылат, ошондой эле ашыкча ызы-чууну жокко чыгарат жана стресстин деңгээлин кыйла төмөндөтүп, жумуш процесстерин иретке келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.