Өнөкөт чарчоону кантип жеңүү керек

Ар бир адам кез-кезде чарчоону сезет. Бирок бул ар дайыма болуп жатса, анда тез арада чара көрүү керек. Кандай? Биздин макаланы окуп билип алыңыз. 

Убактыңызды туура пландаштырып, артыкчылыктарды сабаттуу бөлүштүрүңүз 

Жумушта бир ай аздык кылган чексиз иштердин тизмесин жазасыз жана бардыгын бир жумада бүтүрүүнү пландайсыз. Өзүңүздү алдабаңыз – мунун бардыгын мынчалык тез чечүүгө болбойт. Мүмкүн эмес пландарды курбаңыз – андан көрө убактыңызды туура пландаштырып, артыкчылыктарды сабаттуу бөлүштүрүңүз. Бардык маанилүү иштерди иштөөгө күчүңүз толуп турганда бүтүргөнгө аракет кылыңыз (күндүн кайсы сааты экенин өзүңүз билесиз). Эртең менен жөнөкөй иштер менен алектенген жакшы - почтаны карап чыгуу, документтерди иретке келтирүү ж.б. Негизгиси – убактыңыз эмнеге кетип жатканын билиңиз.  

«Жок» деп айтуудан коркпоңуз 

Көптөгөн адамдар ар кандай себептерден улам бирөөлөрдүн өтүнүчтөрүн аткаруудан  баш тартууну жактырышпайт: алар башкалар менен мамилени бузуп алуудан коркушат, адепсиз көрүнгүсү келбейт, ж.б. Дал ушул себептен улам башкалардын көптөгөн иштерин өздөрүнө жүктөп алышат. Натыйжада дайыма чарчоо сезими пайда болот. Биз эч качан кесиптештериңизге жана досторуңузга жардам берүүнү токтотууга чакырбайбыз. Бирок сиз, мойнуңузга отуруп албай, чындап эле жардам сурап жатканына ишениңиз.  

Чыдамкайлыгыңызды машыктырыңыз. 

Эч кимде табияттан тышкаркы жөндөмдүүлүктөр жок. Таңкы саат беште эч кандай кыйынчылыксыз ойгонгон же марафонду оңой чуркай алган адамдар өздөрүнүн эрктүүлүгүн жана чыдамкайлыгын машыктырып, акырындык менен өздөрүн жаңы жүктөмдөргө көндүрүшөт. Баарына дароо жетишүүгө аракет кылбаңыз, иштериңиздин санын акырындык менен көбөйтүңүз. Ошентип, организмиңиз жүктөмдөргө ыңгайлаша баштайт жана сиз  дайыма чарчабай каласыз. Көптөгөн учурлар стресс болбой, кадимки көрүнүшкө айланат. 

Pomodoro техникасы 

Убакытты башкаруу ыкмаларынын бирин колдонуңуз. Алардын түрү көп, эң белгилүүлөрүнүн бири - Помодоро техникасы: 

  1.  Тапшырманы тандаңыз. 
  1.  Таймерди 25 минутага коюңуз (25 минута бир «помидор» деп эсептелет). 
  1.  Бул убакытты тапшырмага арнаңыз - алаксыбаңыз. 
  1.  25 минуталык иштен кийин тыныгуу жасаңыз (5 мин.). 
  1. Тапшырманы аткарганга чейин 2. 3 жана 4 - пункттарды кайталаңыз. Төрт "помидордон" кийин (100 минута), 20-25 минутага узак эс алууну уюштуруу сунушталат. Бул ыкманы колдонуу менен сиз жетиштүү эс аласыз, ал эми чарчоо сезими сизди тынчсыздандырбайт 

Эс алуу жана физикалык көнүгүүлөр жөнүндө унутпаңыз 

Кыска чуркоо психикалык жүктөмдөрдөн тыныгууга гана эмес, ойлоруңузду иретке келтирүүгө да жардам берет. Ошондой эле эс алуу жөнүндө унутпаңыз. Кечти сүйүктүү китебиңизди окуу менен өткөрүңүз, таза абага эс алууга жөнөңүз, массажга барыңыз. Кээде нормалдуу абалга кайтуу үчүн бир азга тынч абалда болуу жетиштүү – телефонду өчүрүп, бир аз убакытка ишти унутуп, жөн эле эс алыңыз. 

Адис менен кеңешиңиз 

Кээде чарчоо өзүнүн туу чокусуна жетет - анда аны туура күн тартиби, үзгүлтүксүз эс алуу жана иштерди компетентүү пландаштыруу менен гана чечүүгө болбойт. Сизге тиешелүү дары-каражаттарды жазып бере турган адис менен кеңешүү зарыл. Мисалы, бул "Милдронат® 250 мг капсулалары" болушу мүмкүн - ал психикалык жана физикалык ашыкча жүктөм учурунда организмдин иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жардам берет, ошондой эле борбордук нерв системасына сергитүүчү таасир берет. 

Бардыгына жетишүүгө болбойт. Бирок туура мамиле жасоо менен бардыгына жетишсе болот. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.