Эгер сиз физикалык активдүүлүктү жашооңузга киргизүүнү ойлосоңуз, анда жай бул үчүн эң жакшы убакыт. Дем жетпеген спорт залдын ордуна сыртка чыгып, сыртта көнүгүү жасасаңыз болот. Жаратылышта чуркоо жана йога, узак сейилдөө жана кыска сейилдөө, ролик тебүү жана велосипед тебүү – кайсынысы сизге жакканын тандаңыз.
Эгер сиз буга чейин эч качан машыкпаган болсоңуз, анда спорттун натыйжалуу эрежелеринин айрымдарына өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени, өзүңүздү ашыкча жүктөсөңүз, машыгууга болгон кызыгууңузду көпкө жоготуп коёсуз. Ал тургай абдан көп машыгуу ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн. Макалада ушул эрежелерди чогулттук.
Дайыма булчуңдарды жумшартуучу көнүгүүлөрдөн баштоо
Мектептен бери биз билген кеңеш. Биринчи караганда анда эч нерсе жоктой, бирок булчуңдарды жумшартуучу көнүгүүлөрдү жасабай коюуга таптакыр мүмкүн эмес-ал булчуңдарды жана муундарды жылытып, аларды жүктөмдөргө даярдайт. Эгер бул аткарылбаса, анда жаракат алуу коркунучу бар, мисалы, булчуңду же байламталарды чоюп алуу, жана машыгуунун өзү да анча натыйжалуу болбойт. Булчуңдарды жылытуу организмди кычкылтек менен камсыз кылат жана зат алмашууну тездетет – мунун аркасында сиз мыкты натыйжаны көрсөтө аласыз.
Жылытуу 6 минутадан кем эмес убакытты алышы керек жана бүт денени жылытуучу көнүгүүлөрдүн комплексин камтышы керек. Баштан бутка жылыңыз. Моюнду буруу жана ийинди айланткан кыймылдар менен баштаңыз, буттун кетменин айлантуу жана бутту чоюу менен аяктасаңыз болот. Кошумча эки айлампада жеңил темп менен чуркасаңыз болот.
Баса, машыгууну да туура бүтүрүү керек, мисалы, чоюлууга же дагы бир аз чуркасаңыз болот. Бул муздатуу деп аталат-бул булчуңдарды "тынчтандырууга" жана демиңизди калыбына келтирүүгө жардам берет.
Жүктөмдү акырындап жогорулатыңыз
Спорттун кайсы бир түрүн баштаганда, көбүнчө укмуштуудай натыйжаларга тезирээк жетүүгө азгырылат, мисалы, бир жумадан кийин 5км чуркоо же 10 күндүн ичинде көптөн күткөн пресстин кубиктерин алуу. Бирок бул ашыкча жүктөө менен коштолот-сиз спортко болгон кызыгууңузду жоготуп, эң жаманы жаракат аласыз. Ошондой эле, мындай кескин жүктөмдөрдөн улам эртеси эртең менен машыгуудан кийин билинүүчү булчуң оорусуна тушугууга мүмкүн.
Бул абдан кызыксыз жана узакка созулса да, темпти акырындык менен жогорулатуу маанилүү. Мисалы, эгер сиз стадионго биринчи жолу чыксаңыз, 0,5–1 км менен баштаңыз. Эки жумадан кийин аралыкты 100-200 метрге көбөйтсөңүз болот жана ошентип акырындык менен аралыкты жогорулатуу мененсиз биринчи 5 км чуркайсыз.
Физикалык активдүүлүктүн ар кандай түрлөрүн айкалыштырыңыз
Албетте, күндөн-күнгө чуркоо же штанганы көтөрүү гана мүмкүн, бирок дененин гармониялуу өнүгүшү жана чыйрактыгы үчүн натыйжалуу эмес. Ошентип, сиз жеке булчуң топторун гана жүктөп, калганын этибарга албайсыз. Аралыкты жана темпти көбөйтсөңүз дагы, организм жүктөмдөргө тез көнүп, эртеби-кечпи керектүү чегине жетет.
Кеңеш мындай: ар кандай көнүгүүлөрдү жасап көрүңүз, мисалы, чуркоо же велосипед тебүү сыяктуу кардио машыгууларга гантелдер менен күч көнүгүүлөрүн, йога сабактарын жана сууда сүзүүнү кошсо болот.
Өзүңүздүн абалыңызды карап туруңуз
Эгерде сиз бүгүн өзүңүздү жаман сезип же чарчап машыгууга бара албасыңызды түшүнсөңүз, анда өзүңүздү кыйнабаңыз – андан көрө жакшылап эс алыңыз. Биринчиден, сизде жөн гана маанайыңыз болбойт, жана машыгуу ойдогудай өтпөйт. Экинчиден, ашыкча күч алуу коркунучу бар жана бул өз кезегинде өзүн жаман сезүүгө алып келиши мүмкүн.
Машыгууларда тыныгууларды унутпаңыз-машыгуудан кийин жок дегенде бир күн эс алыңыз. Жана жакшы адаттарды унутпаңыз – машыгуудан кийин организм калыбына келиши үчүн, ага жетиштүү уйку, көп суюктук жана жетиштүү КБМУ –калория, белок, май жана углеводдор менен туура тамактануу керек.
Кошумча Милдронат ®250 дарысын ичсе болот, ал төмөнкүлөрдү колдойт:
- жүрөк-кан тамыр системасы. Ашыкча машыгуу менен жүрөк чекте иштей баштайт жана кычкылтектин салыштырмалуу жетишсиздиги пайда болот. Милдронат ®250 курамындагы мельдоний клеткаларга кычкылтек жеткирүүнү жакшыртууга жардам берет жана аны оптималдуу керектөө миокард клеткаларынын бузулуу коркунучун азайтат.
- нерв системасы. Милдронат ®250 борбордук нерв системасына түрткү берет жана кыймыл-аракет активдүүлүгүн жана физикалык чыдамкайлыкты жогорулатат.
Милдронат ®250 өзүнүн таасиринин аркасында активдүү жашоо образын жүргүзгөндөргө (спорт менен машыккан, машыгууга барган) жана физикалык жүктөмдөрдөн кийин тез калыбына келүүгө каалаган адамдарга ылайыктуу.