Эс алуу өргүүсүнө дагы деле алыс, бирок күч жок кантип иштөө жөндөмүн жана жашоонун кубанычын кайтарса болот

Эс алууну алдын ала пландаштырыңыз
Деталдуу план түзүңүз: кайда барууну пландап жатасыз, кандай кооз жерлерди көрөсүз, кандай тамактарды байкап көрсүз. Сиз саякаттоону пландап жаткан жер жөнүндө айткан саякатчылардын макалаларын окуп чыгыңыз.

Эс алуу жана убакытты башкарууну унутпаңыз.

Биздин иш күнүбүз  8 саатка созулганы бекеринен эмес. Социалдык реформатор Роберт Оуэн XIX кылымда: "8 саат - эмгекке, 8 саат - эс алууга, 8 саат - уктоого", — деп айткан. Бул бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу. Эгерде жумуш иш убактысын гана эмес, дээрлик бардык жеке убакытты толтурса, анда эс алуу да иштин натыйжалуулугун жана жашоонун кубанычын калыбына келтирүүгө жардам бербейт.

Тапшырмаларды тапшырууну үйрөнүңүз
"Жок"деп айта баштаңыз. Сизге ылайыктуу убакытты башкаруу техникасын табыңыз. Алар абдан көп, эң белгилүү ыкмалардын бири — Pomodoro техникасы жөнүндө биздин "Өнөкөт чарчоону кантип жеңсе болот"деген макалабыздан окуй аласыз.

Чечүү жолдорун издеңиз.

Мүмкүн болсо, иш сапарга барыңыз же бир күн алыстан иштеңиз (мисалы, кафеде, коворкинг борборунда же китепканада). Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо-өзүңүздүн эсебиңизден бир күнгө өргүү күнүн  алып, жакшы эс алыңыз. Көбүнчө жагдайдын  өзгөрүшү биздин ойлорубузду чогултууга жана күнүмдүк тапшырмаларыбызга жаңы күч-кубат менен кайтууга жардам берет.
Жумушуңузду сүйүңүз
Ар бир адам, сүйүктүү иши менен алектенсе да  эс алууну чыдамсыздык менен күтөт. Бирок сиз жумушуңузду жакшы көргөн учурда, өргүү "жазадан" бошонуу жана кутулуу сыяктуу сезилбейт, жөн гана жагымдуу окуяга айланат. Ар бир жумуш тапшырмасынан жаңы жана кызыктуу нерсени издөөгө аракет кылыңыз. Жумушту бирөө үчүн эмес, өзүңүз үчүн жасап жаткандай жасаңыз. Мындай эффект Пигмалион эффектиси деп аталат. Анын маңызы, эгер адам бир нерсеге бекем ишенсе, адамдын күтүүлөрү анын иш-аракетин аныктайт, ошондо анын идеясы чыныгы жашоодо тастыкталат.

Өзүңүзгө: Бир нече айдан кийин болсо дагы эс алуу болот,  мага жумушум жагат,-деп  айтыңыз. Негизги сөз "болот". Сиз өзүңүзгө жаккан нерсени жасап жатканыңызга жана алдыда кызыктуу жана толук кандуу  эс алууңузга ынангандан кийин, сиз тынчтанасыз жана жашоодон кубаныч ала аласыз.

Спорт менен машыгыңыз
Туруктуу стресстен арылууга, ойлорду тартипке келтирүүгө жана ден  соолукту чыңдоого жардам бере турган универсалдуу иш-аракет - бул спорт. Эртең менен же жумуштан кийин чуркай баштаңыз. Бассейнге жазылыңыз. Бий менен алектениңиз.
Жаз — спорт менен машыгуу үчүн эң сонун мезгил, сыртта жылуу, ал эми күндүн узактыгы узун, андыктан чуркоодон алыс болуу ден соолугуңа карата кылмыш жасагандай эле. Бирок, физикалык иш-аракеттер менен ашыкча иштөөнүн кереги жок экендигин унутпаңыз.
Ар бир күнүңүз,  жумушчу күн болсо дагы көңүлдүү жана кубанычтуу болсун!

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.