Өргүү мезгилинен кийин кантип кызматка кайтса болот

Каникулдан кийин жумушка кайтып келүүдө узак каникул учурунда эс алууга жана жаңы күч-кубатка жана таасирленүүлөргө ээ болгонуна карабастан, көбүнчө чарчап, көңүл суз болуп, жанчылып калгандай сезилет. Мунун баары жайдын бүтүшү, демек, бүркөк күздүн башталганы жана эч нерсе кылгыңыз келбегени менен күчөгөн. 

Жакшы жаңылык: ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү жана маанайдын начардыгы менен күрөшүүгө болот. Бул үчүн, жөнөкөй насаат керек-төмөндө бөлүшөбүз.  

1. Жашооңузду ар түрдүү кылыңыз 

Жумуш күндөрүнө кайтып келүү көбүнчө зеригүүгө кайтууга барабар. "Үй-жумуш-үй" тартибине кирбөө үчүн, күндөрүңүзгө бир аз түрдүүлүктү кошуп, өзүңүзгө кам көрүүнү унутпаңыз. Сулуулук салонуна баруу, соода кылуу, жумуштан кийин кофе менен сейилдөө – бул үчүн олуттуу салымдар жана убакыт талап кылынбайт, бирок мындай кичинекей нерселер жакшы маанай тартуулайт жана жашоого бир аз түрдүү боёкторду кошот. 

Жашоону ар тараптуу кылууга жардам бере турган дагы бир идея – жаңы хобби. Сүрөт тартууну, музыкалык аспапта ойноону же токууну үйрөнүүгө убакыт келди 

2. Күн тартибин кайра кароо  

Көбүнчө эмгек өргүүсүнөн кийин кандай болсо да аткарыш керек болгон көп иштер үйүлүп калат. Мындан күн режимин бузуп алуу коркунучу бар - эс алууну кийинкиге калтыруу башталат, нервденүү, дээрлик сутка бою иштөө же бир эле убакта бир канча иштерди (жумуш, окуу, үй-бүлө, спортзал жана оюн-зооктор) айкалыштыруу. Мындай толук график чарчап-чаалыгууга, энергияны жоготууга жана стресске алып келиши мүмкүн. Узак эс алгандан кийин дагы организм калыбына келүүгө үлгүрбөйт. 

Ошондуктан, бул жерде чечим жөнөкөй – сизге күндү ар бир  саатка бөлүштүрүп жазуунун  кереги жок, бирок, аны оюбузда үч маанилүү бөлүккө бөлүүгө болот: жумуш, жеке убакыт жана уйку. Бул милдеттерди аткаруу, күч-кубатты калыбына келтирүү үчүн керек жана ошол эле учурда өзүңүздү унутпаңыз. 

3. Физикалык активдүүлүктү кошуу  

Эгер сиз буга чейин эч качан спорт менен машыкпаган болсоңуз, бул дароо чуркап барып бир жылдык абонементти сатып ал дегенди билдирбейт. Кечинде же дем алыш күндөрү кадимки сейилдөө, булчуңдарды жумшартуучу көнүгүүлөрдү же йога менен онлайн көрүүлөрдөн баштасаңыз болот. Ар кандай күндө болуучу  активдүүлүк ылайыктуу болот - дүкөнгө же жумушка жөө баруу, тепкич менен көтөрүлүү, ит менен сейилдөө, столдон жөн гана мезгил-мезгили менен туруу, денени эс алдырып, коридор боюнча ары бери басуу.    

Физикалык активдүүлүк булчуңдарды жумшартууга, жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системаларынын иштешин жакшыртууга жардам берет жана натыйжада иштин натыйжалуулугун жана маанайды көтөрөт 

4. Тамактануу тууралуу ойлоо  

Көбүнчө чарчоо жана абдан чарчоо витаминдердин жетишсиздигинен келип чыгат, алардын көпчүлүгүн организм тамак-аштан алат. Ошондуктан, жок дегенде рационго витаминдүү азыктарды көбүрөөк кошуу керек – ал организмде ультрафиолет нурларынын таасири менен синтезделет. Күзүндө күн аз тийгендиктен, Д витамининин жетишсиздигин балык (мисалы, скумбрия, лосось, сельдь), боор, жумуртка, сүт, козу карындар менен толтурууга болот. 

Анан, албетте, сезондук жашылча – жемиштер жөнүндө унутпашыбыз керек, алар дагы деле болсо дүкөндөрдүн текчелеринде көп-помидор, бадыраң, ашкабак, кабакча, козу карын, жүзүм, анар жана башкалар. 

5. Дарыгерге кайрылуу  

Кээ бир учурларда, чарчоо, кыжырдануу жана жаман маанай жайдан күзгө чейин организмдин кайра түзүлүшүнүн көрүнүшү эмес, диагноз коюлбаган же дарыланбаган оорунун, анын ичинде олуттуу оорунун белгиси болушу мүмкүн. 

Демек, жакшы эс алгандан кийин же жашоо ыргагын өзгөрткөндөн кийин деле абал өзгөрүүсүз калса, бул адиске кайрылып, өзүн-өзү дарылабоонун анык белгиси. Ал керектүү диагнозду жүргүзүп, чарчоонун себебин так аныктап, керек болсо дарылоону жүргүзөт. Мындан тышкары, атайын дары - дармектерди кабыл алууга болот-мындайга Милдронат ®250 кирет. Ал төмөнкүлөрдү колдойт: 

  • Жүрөк – кан системасы. Стрессте жана чарчоодо жүрөк чекте иштей баштайт жана кычкылтектин салыштырмалуу жетишсиздиги пайда болот. Милдронат ®250 курамындагы мельдоний клеткаларга кычкылтекти жеткирүүнү жакшыртууга жардам берет жана аны оптималдуу керектөө миокард клеткаларынын бузулуу коркунучун азайтат.  
  • Нерв системасы. Милдронат ®250 борбордук нерв системасына түрткү берет жана кыймыл-аракеттик активдүүлүктү  жана физикалык чыдамкайлыкты жогорулатат.  

Милдронат®250 дарысын колдонгондон кийин организм стресске туруктуураак болуп, энергияны тезирээк калыбына келтирет. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.