Жумушта ашыкча жүктүн таасиринен кантип коргонуу керек

Как защитить себя от последствий перегрузок на работе

Жашоонун  бардык тармактарында заманбап өнүгүү тез жүрүп жатат жана жаңы технологиялар азыр биздин үйлөргө да кирип жатат. Эми үйдү жакшы эс алуу үчүн гана  коопсуз жай деп айта албайсың. Бүгүнкү күндөгү реалдуулук – бул, учурда жумуш күнү кадимки 8 сааттык иш убактысынан чыгып, дайыма офисте жана үйдө кошумча иштөөгө азгырыктар,  көп сандагы жумушчу учурларды айкалыштыруу көпчүлүк жаштар жана орто жаштагылар үчүн көнүмүш болуп калды. Бир жагынан кесипкөй суроо-талап келечекке жана өзүнүн күчтүү жактарына ишенимди жаратат, бул өнүгүү үчүн олуттуу   умтулуу болсо, экинчи жагынан, бир күнү дал ошол ишенимди жана шыктанууну алган күчтөр күтүлбөгөн жерден акырындап сени таштап баштайт. Апатия жана жайлануу, эс тутумдун бузулушу пайда болот, уйку жана маанай начарлайт, баш оору жана баш айлануу да тынчыңды ала башташы мүмкүн. Бул ашыкча жүктөм өзгөчө мезгилдик респиратордук оорулардын мезгилинде, кесиптештери суук тийип ооруп, жумуш убактысын таштап кеткенде же жаш балдары дайыма ооруп калганда курч болушу мүмкүн. Мындай учурларда инфекцияга туруктуураак кызматкерлер "эки адам үчүн" иштеши керек жана олуттуу пландан тышкары жүктү алууга туура келет. Ар бир адам узак убакыт бою стресстик режимде иштей албайт, эртеби же бир аз кечпи, бирок дээрлик бардык жумушка берилгендер физикалык жана нервдик чыңалуу абалына же ашыкча иштөөгө дуушар болушат. Бул эс алуунун жана толук калыбына келүүнүн  узак жок болушунан пайда болгон абал, ал ден соолукка өтө кооптуу. Организмге узак интенсивдүү жүктөмдөрдүн таасири өнөкөт чарчоонун өрчүшүнө алып келиши мүмкүн, ал түнкү эс алуу Сиздин күчүңүздү толугу менен калыбына келтирбейт жана эртең менен туруу, ал тургай, кээде иш жөнүндө ойлонуу оор болуп калат. Мындан тышкары, өнөкөт ашыкча иштөө иммундук системанын начарлашына алып келиши мүмкүн, бул дайыма бир катар суук тийүү ооруларына дуушар болушуна алып келет. Көп учурда өнөкөт ашыкча иштөө неврастения жана башка олуттуу ден соолукка байланыштуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Ашыкча күч келтирүү абалынын жалпы чеги болуп, анын пайда болгон себебине карабастан, энергетикалык дараметтин олуттуу төмөндөшү, ошондой эле организмдин ар бир клеткасында зат алмашуу процесстеринин ар кандай бузулуулары саналат. Бул убакытты өткөрүп жибербөө маанилүү, бирок ашыкча жүктөмгө жол бербөө жана ашыкча чарчоону алдын алууну өз убагында баштоо жакшы. Жумуштун жогору интенсивдүүлүгү жаңы пландаштырылган учурда, организмди коргоо жөнүндө ойлонуу керек.

Зат алмашуу процесстерин жана маанилүү энергияны өндүрүүнү жакшыртуучу  дары-дармектерди дайындоо натыйжалуу алдын алуу чарасы болуп эсептелет. Ашыкча чыңалуу көйгөйлөрүнүн келип чыгышын билип, биз Милдронат ® 250 мг капсуласын сунуштай алабыз, ал клеткалардагы энергия алмашууну оптималдаштырат, физикалык жана акыл-эс иш-аракеттерин калыбына келтирет жана жакшыртат. Милдронат® 250 мг ашыкча жүктөмдөрдү жана нервдик чарчоону алдын алуу үчүн колдонуу абдан туура, анткени анын негизги таасирлери: чарчатпаган, борбордук нерв системасына жумшак активдештирүүчү,  жүрөк-кан тамыр системасына коргоочу таасирлери менен айкалышкан таасири. Мунун баары организмге физикалык жана эмоционалдык ар кандай жүктөмдөргө чыдамдуулукту акырындык менен жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле ойлогон нерсени аткаруу үчүн сергектик жана энергия зарядын жана дагы узак убакыт бою иштөө абалын сактоого жардам берет. Милдронат® 250 мг колдонуунун натыйжасында организм жогорку интенсивдүү жүктөмдөрдү көтөрүү жөндөмүнө ээ болот, ошол эле учурда тез калыбына келет.

Мунун бардыгы Милдронат® 250 мг капсуласын узакка созулган ашыкча жүктөмдөр шартында жана адамдын иштөө дараметин сактоо зарылдыгында тандалган дары кылат. Бирок, сиз ар кандай дары-дармектерди колдонууну баштоодон мурун дарыгерге же дарыканадагы фармацевтке кайрылуу керек экенин унутпашыңыз керек.

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.