Акыл эс жана физикалык жүктөмдөрдүн көтөрүмдүүлүгүн кантип жакшыртуу керек.

Как улучшить переносимость умственных и физических нагрузок 

«Акыл эс жөндөмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек?», «Өндүрүмдүүлүктү кантип жогорулатуу керек?», «Физикалык ишти кантип жеңилдетүү керек?» бул суроолор көп адамдарды тынчсыздандырат. Бүгүн биз сизге психикалык жана физикалык стресс менен кантип натыйжалуу күрөшүүгө жардам берсе болоорун айтып беребиз. 

"Маалымат диетасын" карманыңыз. 

Албетте, популярдуу социалдык тармактарда сиз күн сайын караган профилдериңиз бар. Аларды карап жатып достордуңуздун репостторуна, коомдук жаңылыктарга, жарнамаларга, бир сөз менен айтканда, сиз үчүн маанилүү эмес маалыматтарга алаксып кетесиз. Мунун бардыгы мээңизди кереги жок маалымат менен толтуруп ашыкча маалымат жүктөмүнө алып келет. Маалыматты иргөөнү үйрөнүңүз - сизге пайдасыз болгон коомчулуктардын баракчаларына жазылууну токтотуңуз; күнүнө 20+ репост жасаган достордун кабарын окубаңыз жана бардык социалдык тармактарда аккаунттар керекпи же кереги жокпу деп ойлонуңуз. Балким сиз өзүңүздү эки же эң көп болгондо үч профиль менен чектесеңиз болот? 

Көп милдеттүү режимден баш тартыңыз. 

Элде: “Эки коёндун артынан куусаң бирөөсүн да кармай албайсын” деген кеп бар. Бул жумуш, окуу жана машыгуу үчүн туура. Баарын дароо колго албаңыз - милдеттерди жана спорттук машыгуулардын планын түзүңүз. Көп ишти сапатсыз аткаргандын ордуна, бир ишти сапатту аткарыңыз. Ошентип, сиз иштин интенсивдүүлүгүн жана узактыгын пландаштыргандыктан, өндүрүмдүүлүгүңүздү гана жогорулатпастан, ашыкча психикалык жана физикалык стресстен алыс болосуз. 

ϴзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрүңүздүн чегин билиңиз 

Физикалык машыгуулар менен баары жөнөкөй: машыктыруучу менен кеңешип, жүрөктүн кагышын көзөмөлдөөчү билериктерди колдонуңуз, жүктөмдү акырындык менен көбөйтүңүз - сиз физикалык чыдамкайлыктын  чегин билесиз жана үзгүлтүксүз машыгуу менен аны жогорулата аласыз. 

Акыл-эс жөндөмдүүлүгү  маселесинде сиз өзүңүзгө гана таянууга туура келет. Сени өзүңдөн башка эч ким жакшы билбейт. Сизге кайсы убакта ишти аткаруу оңой – эртең мененби, түштөн кийинби же кечиндеби, ойлонуп көрүңүз? Күндүз кайсы убакта чарчагандыкты сезесиз? Сиз үчүн күндүн биринчи жарымында кайсы тапшырмалар жеңилирээк, мисалы чыгармачылыкпы же күнүмдүкпү? Ал эми күндүн экинчи жарымында кайсынысы? Бул суроолорго жооп берүү менен, сиз өзүңүздүн ресурстарыңызды рационалдуу бөлүштүрө аласыз, демек психикалык стрессти ийгиликтүү жеңе аласыз. 

ϴзүңүзгө витаминдерди же дары каражаттарды тандаңыз 

Мисалы, С витамининин жардамы менен сиз сергек жана энергияга толук болуп кала аласыз. Ал эми " Милдронат®250мг капсулалары " дары препараты сиздин иштөө жөндөмүңүздү калыбына келтирүүгө, психикалык жана физикалык ашыкча жүктөм менен күрөшүүгө жардам берет. Алдын  алуу үчүн туура каражаттарды сиз өз алдынча тандай аласыз, бирок адис менен кеңешүү кыйла ишенимдүү. 

 Физикалык активдүүлүк менен акыл-эс активдүүлүгүн кезектештириңиз. 

Китеп окуп жатып, чуркоодон тыныгууга болот. Жана тескерисинче - машыгуу башыңызды эс алдырып, сизге маалыматты жакшыраак сиңирүүгө жардам берет. 

Сиз ошондой эле жаңы бий кыймылдарын ойлоп табуу сыяктуу физикалык жана психикалык иштерди  айкалыштыра аласыз. Бул сизге сергектик жана жакшы маанай тартуулай турган чыгармачылык иш. 

Өзүңүзгө "кайра жүктөө" уюштуруңуз 

Компьютериңиз катып калганда эмне кыласыз? Туура, кайра жүктөйсүз. Эгер сиз ашыкча чарчап калганыңызды сезсеңиз жана концентрациялана албай жатсаңыз, өзүңүзгө да "кайра жүктөө" жасаңыз. Жумуштан бир күн эс алып, күндү өзүңүз каалагандай өткөрүңүз - сейилдеңиз, китеп окуңуз, уйкуңузду кандырыңыз. 

Жогорудагы кеңештерди аткаруу менен сиз денеңизге психикалык жана физикалык ашыкча жүктөм менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам бересиз. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.