Инфекциядан кийинки астения синдрому жөнүндө эмнени билишиңиз керек жана организмге кантип жардам бере аласыз?

Вирустук инфекциялар жана алардын организмге тийгизген таасири тууралуу көп айтылат. Ошол эле учурда, оорлошуулардын бири болуп көбүнчө физикалык абалга гана эмес, эмоционалдык абалга да байланыштуу.

Кеп инфекциядан кийинки астения жөнүндө болуп жатат, ал чарчоо, алсыздык жана энергияны жоготуу менен коштолот. Мындан тышкары, бул абал ар кандай жугуштуу оорулар (мисалы, сасык тумоо, КДВО же коронавирус) менен ооругандардын 75%ында кездешет.

Астения — бул адамдын дайыма күчү кетип, чарчоону сезип, көңүл буруу концентрациясын жана эс тутумун жогототкон абал. Ал эми кадимки чарчоодон же күйүп кетүү абалынан айырмаланып, астения патология болуп саналат. Ал эс алуудан же узак эс алуудан кийин да кетпейт.

Инфекциядан кийинки астениянын негизги себептери

Кадимки астения көбүнчө узакка созулган стресске жооп катары башталат. Эгерде, мисалы, адам жумушта көп иштеп, спортзалды, үй жумуштарын жана окууну көпкө чейин бирге алып жүрсө, чарчоо топтоло берет. Ошол эле учурда, адам калыбына келүү үчүн ресурстары жок болсо, (башкача айтканда ал өргүү албай, ал тургай, дем алыш күндөрү да иштесе), күйүп кетүү абалы башталат жана астения пайда болот.

Бул учурда, мындай абал кээде кандайдыр бир ооруга жооп катары пайда болот. Мисалы, инфекциядан кийинки астения негизинен психоэмоционалдык факторлордон эмес, органикалык факторлордон келип чыгат. Вирус (мисалы, сасык тумоо, КДВО же COVID-19) нерв системасына — анын ичинде мээнин лимбикалык системасына таасир этет.

Ал эмоционалдык абал жана энергия запастары үчүн жооптуу. Мындан тышкары, астения "жеңил формада" ооруган бейтаптарда да кездешет.

Натыйжада адам көңүлүн бир жерге топтой албай кыйналат. Ал дайыма чарчаганын сезип, уктай албай, көндүм болгон иштерин жасай албай калат.

Инфекциядан кийинки астениянын башка да себептери бар:

  • Гипоксия. Эгерде адам дайыма төрт дубалдын ичинде отурган болсо (мисалы, алыстан иштесе), анда ага таза аба жана кычкылтек жетишсиз болушу мүмкүн. Бул организмдин клеткалары да жетиштүү тамактанбайт дегенди билдирет. Мунун баары ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана астениянын өрчүшүнө алып келиши мүмкүн.
  • Дары-дармектин терс таасири. Кээ бир дары-дармектер кан системасына, бөйрөккө, боорго жана ичеги-карын жолдорунун башка органдарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
  • «Аягына чейин дарыланбаган оору». Эгерде адам толук айыкпаса жана анча-мынча жакшы болгондон кийин дароо жумушка же окууга барса, организмге жүктөм күчөйт.

Көп кездешкен белгилер жана көрүнүштөр

Биз буга чейин айрым белгилери жөнүндө айтып бердик, бирок жалпысынан инфекциядан кийинки астения төмөнкүлөр менен коштолот:

  • уйкунун бузулушу- түнкүсүн тез-тез ойгонуудан жана уйкусуздуктан баштап, дагы эле күч-кубатты калыбына келтирбеген узак уйкуга чейин;
  • физикалык көрүнүштөр — аларга табиттин төмөндөшү, жогору терчилидик, кан басымдын кескин түрдө өзгөрүлүшү, баш жана булчуң оорусу, координациянын жоголушу кирет;
  • маанайдын өзгөрүшү- агрессиядан жана ачуулануудан тынчсызданууга, апатияга жана өзүн кем сезүү сезимине чейин;
  • көңүл буруу концентрациясынын бузулушу, эс тутумдун начарлашы, мотивациянын төмөндөшү.

Астениянын дагы эки көрүнүшү бар – жылуулукту жөнгө салуунун бузулушу жана вегетативдик дисфункция. Алардан улам, температура бир аз жогорулашы же азайышы мүмкүн, жарыкка жана жагымсыз катуу добуштарга сезгичтиги жогорулашы мүмкүн.

Астения болгондо организмге кантип жардам берсе болот

Оору учурунда жана андан кийин чарчоо– организмдин айыгуусу жана калыбына келиши менен жок болуп кете турган кадимки көрүнүш.

Бирок, эгерде бул абал бир топ убакытка созулуп кетсе жана кетпей жатса, организмге жардам берүү зарыл. Инфекциядан кийинки астения синдромуна көңүл буруу керек. Ошондуктан бул өтүп кете турган кадимки чарчоо, же жөн эле жалкоолук деп ойлобош керек.

Биринчи кезекте, дарыгерге кайрылып жана бул абалдын так себебин аныктоого жардам берген текшерүүдөн өтүү керек.

Андан тышкары, вирустук инфекциядан кийин организм тезирээк калыбына келиши үчүн, эмгек жана эс алуу режимин уюштурса болот, мисалы:

  • орточо физикалык көнүгүүлөрдү жасоо (көнүгүү, чоюлуу же йога);
  • стрессти азайтууга аракет кылуу – азыраак иштөө, көбүрөөк эс алуу;
  • туура тамактанууну баштоо жана организмге керектүү заттарды алуу үчүн суу балансын сактоо керек.

Организмге жардам берүү үчүн, витаминдерди же Милдронат ® 250 мг сыяктуу атайын препараттарды ичип баштасаңыз болот. Ал вирустук инфекциядан улам чекте иштей турган жүрөк-кан тамыр системасын колдойт.

Милдронат 250 мг. дын таасир берүүчү заты - мельдоний. Ал клеткалардын кычкылтек менен жеткирилишинин ортосундагы теңдештикти калыбына келтирет, клеткаларда уулуу зат алмашуу продуктуларынын топтолушун жок кылат, аларды бузулуудан коргойт.

Милдронат® 250 мг нерв системасына түрткү берет жана кыймыл жана акыл-эс активдүүлүгүн, физикалык туруктуулукту жогорулатат.

Андан тышкары, Милдронат® 250 мг иммундук системаны калыбына келтирүүгө, кошумча оорулардын өрчүшү коркунучун азайтууга жана инфекциядан кийин тезирээк айыгууга жардам берет. Ошондой эле, препараттын көтөрүмдүүлүгү  жакшы жана башка дарылоо менен айкалыштырылат.

Бул касиеттеринен улам Милдронат® 250 мг физикалык жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн да колдонулат.

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.