Организмге  күч келтирбей физикалык чыдамкайлыкты жогорулатуу 

Повышение физической выносливости и как не перегнуть палку

Физикалык чыдамкайлыктын жогорулашын эки багытка бөлүүгө болот: жалпы жана атайын, бирок  биринчисин өнүктүрбөй туруп, экинчисин өнүктүрүү мүмкүн эмес. Жалпы чыдамкайлык узак жүктөмдөргө организмдин туруштук берүү жөндөмүн чагылдырат. Атайын – бул  узак убакыт бою жүктөрдүн айрым түрлөрүнө туруштук бере алуу, же кыска мөөнөттүү күч-аракетти жасоо, мисалы, оор атлетикада ден соолукка олуттуу кесепеттерди келтирбестен чоң салмактарды көтөрүү. 

Спортчуларга, экстремалдык туризмди сүйүүчүлөргө, ошондой эле ишмердигинин түрү боюнча адам үчүн табигый эмес аракеттерди жасоого зарыл болгондорго, мисалы, көпкө кыймылсыз турганда же өмүргө коркунуч туудурган оор шарттарда   оордук көтөргөндөр өзгөчө чыдамкайлыкты өрчүтүшү зарыл. Мындай кесиптер аз: аскерлер, куткаруучулар, хирургдар, спорттук машыктыруучулар, балериналар. Алардын ар бири өз ишин чындап жакшы аткаруу үчүн өзгөчө чыдамкайлыкты өрчүтүшү керек. 

Жалпы физикалык чыдамкайлыкты жогорулатуу ар бир адам үчүн ар кандай ишмердүүлүк тармагында пайдалуу. Тааныш милдеттерди оңой чече алуу, аз чарчоо, жашоонун башка ритмине тез көнүү жана өзүңүздүн организмиңизди түшүнүү адамга табигый мүмкүнчүлүктөрүн алда канча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. 

Физикалык чыдамкайлыкты кантип жогорулатуу керек 

Физикалык чыдамкайлыкты жогорулатуу пландын негизинде жана кыйла узак иштөөнү талап кылат, ошондуктан тез натыйжага көңүлдөнүүнүн мааниси жок. Анын үстүнө чыдамкайлыкты өнүктүрүүдө өз чегине жетүү мүмкүн эмес деген пикир бар, анткени процесс чексиз болот. Жана ошол эле учурда - кызыктуу, орточо натыйжалары көп. Жаңы баштап жаткандарга чыдамкайлыкты жогорулатуу үчүн, өзүнө  мертинүүсү азыраак машыгууларды тандап алуу жакшы: 

  • скандинавиялык басуу; 
  •  сууда сүзүү; 
  • жөө сейилдөө; 
  • чуркоо; 

Ар бир машыгууну баштаардын алдында сиз кичинекей кезиңизден бери тааныш болгон булчуңдарды ырааттуу жумшартуучу кыска көнүгүүлөрдү аткарышыңыз керек: моюн, ийин, колдор, дене, сан, тизе жана буттун кетмени. Булчуңдарды жумшартуучу көнүгүүлөрдөн кийин күн сайын аралыкты жана кыймылдын ылдамдыгын бир аз көбөйтүп, машыгууну баштасаңыз болот. Аэробикалык көнүгүүлөр бир топ узак болушу керек, алар үчүн күнүнө 40-50 минута бөлүү керек. 

Кийинки этап буга чейин спортко көп көңүл бурбаган же регулярдуу эмес машыгуулардын себебинен физикалык чыдамкайлыгы төмөндөгөнү белгиленген адамдарга ылайыктуу. Бул жерде техникасы жакшы белгилүү көнгөн көнүгүүлөр ылайыктуу болот. Же жаракат албаш үчүн машыктыруучунун жардамына кайрылуу зарыл. Мертинүү менен байланышпаган көнүгүүлөрдүн айрым түрлөрүн аткаруу жөндөмүнүн төмөндөшү бир нече жол менен компенсацияланат: 

  • ыкмалардын санын көбөйтүү; 
  • көнүгүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү; 
  • ыкмалардын ортосундагы тыныгууларды кыскартуу. 

Машыгууга жаңы көнүгүүлөрдү киргизүү да чыдамкайлыкты өнүктүрүп, зеригүүгө жол бербейт. Күч менен машыгууда булчуңдардын калыбына келүүсүнө убакыт берип, тыныгуу жасоо керек экенин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан, эгерде сиз күн сайын машыксаңыз, анда көнүгүүлөрдү ар кандай булчуң топторуна жүктөмдүн кайталануусун 72 сааттан ашырбай кезектештириңиз. Тажрыйбалуу машыктыруучулар булчуңдардын бул өзгөчөлүгүн эске алуу менен иштелип чыккан физикалык чыдамкайлыкты калыбына келтирүүчү программаларды сунушташат. 

Физикалык чыдамкайлыкты жогорулатуу үчүн каражаттарды колдонуу керекпи? 

Адатта, физикалык чыдамкайлыкты жогорулатуу үчүн каражаттарды профессионалдуу спортчулар колдонушат. Мелдештин убагында эң жогорку натыйжаларды көрсөтүү үчүн алар үчүн кыска убакыттын ичинде оптималдуу формада болуу өтө маанилүү. Мындай каражаттар, адатта коопсуз жана зат алмашууга пайдалуу, чыдамкайлыкты жогорулатуу боюнча иштин баштапкы баскычын кыйла жеңилдетет, ошондуктан мелдештерге катышууну пландабаган адамдар да аларга көңүл бурушу керек. 

Физикалык чыдамкайлыктын өнүгүүсү же калыбына келүүсү булчуңдардын, жүрөк-кан тамырлардын жана дем алуу системаларынын ишинде өзгөрүүлөргө алып келет. Баштапкы баскычтарда, организм кайра ылайыкташканга чейин, машыгуу учурунда жагымсыз сезимдер пайда болушу мүмкүн: баш айлануу, жүрөктүн тез-тез кагышы, күтүлбөгөн жерден алсыздык, титирөө. Мунун себеби үстүртөн дем алуу жана натыйжада миокард клеткаларынын кычкылтекке муктаждыгы. Бул көйгөй бир аз убакыт өткөндөн кийин көнүгүү учурунда дем алуу адатка айланганда чечилет, бирок алгачкы баскычында  жүрөктү коргоонун кошумча ыкмаларын колдонуу жакшы. 

Мисалы, Милдронат® 250 мг- препараты клетка ичиндеги алмашуу процесстерин оптималдаштырууга багытталган, ал кычкылтектин жетишсиздигинде клеткалардын тамактануусуна жана иштешине мүмкүндүк берет. Милдронат® 250 мг-ды колдонуунун натыйжасында адаптация процесси эле байкаларлык тез болбостон, миокард клеткаларынын мембраналарын гипоксиянын натыйжасында толук эмес алмашуудан сөзсүз пайда болгон азыктардан коргоону камсыз кылат. Препарат нускамасы боюнча колдонулат жана жогору жүктөмдөрдү кыйла жеңил өткөрүүгө мүмкүндүк берет.   

Көптөгөн адамдар препараттын курсу аяктагандан кийин чыдамкайлыктын төмөндөшүнүн ыктымалдыгы жөнүндө тынчсызданышат, бирок мындай коркуу негизсиз. Биринчи, эң оор баскычты басып өтүп, организм акырындап энергияны туура коротууну жана сабаттуу дем алууну үйрөнөт. Машыгуу мындан ары ыңгайсыз сезимдерди жаратпайт жана колдоочу каражаттарга болгон муктаждык акырындык менен өзүнөн өзү жоголот. Анын үстүнө, чыдамкайлык бул жалгыз препарат менен гана көтөрүлүүчү параметр эмес. 

Кыйын шарттарда чыдамкайлыкты жогорулатуу 

Чыдамкайлыкты машыктырууну организм соо болуп, жетиштүү тамактанып, чарчоо пайда болгондо эс алып жаткан мезгилде баштаган эң жакшы. Тилекке каршы, бул шарттарга дайыма эле жетишүүгө болбойт. Көбүнчө, физикалык чыдамкайлыкты өнүктүрүү идеясы адамдар чарчаган учурда, күч жетишсиз болгондо жана зарыл иштердин тизмеси коркунучтуу түрдө өсүп жатканда пайда болот. Бул жерде сизге эс алуу жакшы болмок, бирок буга убакыт жок, ошол эле учурда, бардыгын жеңүүгө жана өзүңүздүн натыйжалуулугуңузду  жогорулатууга чоң мотивация бар. 

Мындай учурларда, чыдамкайлык боюнча машыгуу башкача болот: 

  1. Күн сайын бир убакта уктоо. Таң калыштуу, бирок жакшы уйкунун кийинки күндөрүндө демейдегиден көбүрөөк күч болот. 
  1. Жеңил жана аш болумдуу тамактарга, биринчи кезекте канаттуулардын этине жана жашылчаларга артыкчылык берип, сааты менен тамактаныңыз. Аларда камтылган витаминдер жана минералдар ашыкча жүктөмдөргө оңой туруштук берүүгө жардам берет. 
  1. Күнүнө жарым саат тез басып же уктаганга чейин эки саат мурун чуркоого убакыт бөлүп, жеңил форматта машыгыңыз. Машыгуулар бир эле учурда эки маселени чечет: уктап калуу жеңил болот жана жалпы чыдамкайлык акырындык менен жогорулайт. 
  1. Эгерде жүрөк-кан тамыр системасы соо болсо, Табата протоколу боюнча эртең менен же түштөн кийин машыгууларды жасаңыз, ал болгону 4 минутаны талап кылат, бирок организмдин чыдамкайлыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Машыгуу өтө оор кырдаалдарда да сергектикти  жана күч-кубат  берип, натыйжа берет, бирок дагы эле аларга акылдуулук менен мамиле кылуу керек. Оор шарттарда уйку жана тамактануу артыкчылыктуу болуп саналат жана дал ушул негизги пункттарды аткаруу керек. Эгерде сизге толук кандуу машыгуу үчүн күчүңүз жетишсиз болсо, анда жакшы формада калуу үчүн жөн гана булчуңдарды жумшартуучу көнүгүүлөрдү же жеңил чоюлууларды жасаңыз. Анан, албетте оор мезгил аяктагандан кийин, организмдин ресурстарын калыбына келтирүү үчүн машыгуу планын түзүңүз. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.