Акыл-эс ишмердүүлүгүн жана акыл эмгегегинин натыйжалуулугун жогорулатуу 

Повышение умственной работоспособности и продуктивности умственного труда

ϴзүңүздү акыл эс жүктөмдөрүнө көндүрүңүз. 

Муну аткаруунун эң жакшы жолу – жаңы хобби табуу. Сиз гуманитардык факультетте окудуңуз беле? Программалоону баштаңыз. Сиз техникалык адиссизби? Ыр жазыңыз же социалдык долбоорду ишке ашырыңыз. Биз жаңы нерсени үйрөнгөндө, акыл-эс жөндөмүбүз активдешет. 

Мээ үчүн “көнүгүүлөрдү” уюштуруңуз 

Кезекте турсаңыз, жумушуңузга бара жатсаңыз көптүк сандарды мээңизде көбөйтүңүз жана бөлүңүз. Интернеттен "Мишанын беш алмасы бар болчу ..." сериясынан табышмактарды табып, аларды чечиңиз. Акырындык менен татаалыраак тапшырмаларга өтүңүз. Эң негизгиси, күн сайын "акыл үчүн беш минуталарды" уюштуруп, аны өзүңүз үчүн эрежеге айландырып алыңыз. 

Маалыматты жөнөкөйлөтүңүз жана визуалдаштырыңыз 

 Татаал маалыматты жөнөкөй түрүндө элестетиңиз. План жазыңыз же ойлоруңуздун картасын түзүңүз (mind map). Ойлордун картасы идеяларды жана тапшырмаларды визуалдаштырууга мүмкүндүк берет, ошондуктан аларды эстеп калуу оңой. 

Милдеттерди түрдүүлөтүүгө аракет кылыңыз 

Эгерде сиз күн сайын күнүмдүк иштерди гана аткарсаңыз, анда сиз мээңизди пассивдүүлүккө көнүктүрөсүз. Тапшырмалар сизден активдүү акыл эмгегин талап кылбастан, таза автомат түрүндө аткарылат. Натыйжасында, сиз чыгармачылык чечимди табуу жана жаңы көйгөйдү түшүнүү жана б.у.с. керек болгондо, аларды тез жана натыйжалуу аткара албайсыз. Сиз буга чейин берилген схема боюнча иштөөгө көнүп калгансыз жана андан бардык четтөөлөр сиз үчүн стресс болот. 

Андан кантип кутулуу керек? Милдеттериңизди түрдүү кылуу  үчүн бардык күчүңүздү жумшаңыз. Муну кесиптик ишмердүүлүгүңүздө жасоого мүмкүндүк болбосо, анда күнүмдүк жашооңузда мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз. Үй-бүлөлүк майрамдын  концепциясын ойлоп табыңыз. Балдарга же досторуңузга окуулары менен жардам бериңиз. Варианттар көп. 

Зейгарниктин таасири 

Бул психологиялык таасир, ага ылайык адам бүтпөгөн иштерин бүтүргөн иштерине  караганда жакшыраак эстейт. Бул таасир  көп тапшырманы аткаруунун ийгиликсиздигин ачык көрсөтүп турат: бир тапшырмадан экинчисине өтүү менен, сиз жаңы тапшырмага көңүлүңүздү топтой албайсыз, анткени мурунку жөнүндө ойлонууну токтото албайсыз. Демек, жыйынтык мындай: ар дайым бир нерсеге көңүл топтоп, андан кийин гана экинчисине өтүңүз. 

Мээ үчүн азык 

Шпинат темирге бай. Сулунун курамында Е витамини бар. Жаңгактар көптөн бери эле мээни активдештирүүчү азык катары эсептелип келген. Ошондой эле ылайыктуу дары каражаттарын тандаса болот, мисалы, "Милдронат® 250 мг капсулалары" препараты эс тутумду жакшыртат, ой процесстерин тездетет жана сиздин ишиңизге пайдалуу таасир кылат. 

Эс алууга ар дайым убакыт бөлүңүз  

Күндүз өзүңүз үчүн кыска тыныгууларды жасоо маанилүү. Ошентип, сиз иштериңизге жаңы күч менен кайтып келесиз. Маанилүү ишти аяктагандан кийин узагыраак эс алуу (20-30 минута) уюштуруу жөнүндө унутпаңыз. 

 Кимдир бирөөгө эс алуу үчүн жөө басуу жардам берет, кимдир бирөө - медитация, ал эми башкасы уктап алууну артык көрөт. Сиз үчүн эмне жакшы экенин бир гана сиз билесиз. 

Сизге натыйжалуу иш каалайбыз! 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.