Инфекциядан кийинки астения менен күрөшүүгө эмне жардам берет?

Курч респиратордук оорулар же алар азыр аталгандай, курч  респиратордук инфекциялар (КРИ) – жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорунун жабыркашы менен коштолгон, сезондук суук тийүү ооруларынын абдан ар түрдүү тобу. Ар түрдүү, себеби аны 300дөн ашык ар кандай вирустардын, бактериялардын, грибдердин жана жөнөкөй микроорганизмдердин түрлөрү пайда кылышы мүмкүн.  Бардык КРИ, эреже катары, жалпы уулануу симптомдору менен мүнөздөлөт: баш оору, булчуңдардын оорушу, жогору температура маалындагы айкын алсыздык, жана катаралдык көрүнүш деп аталуучу: жөтөл, мурун бүтүү, көздүн былжырлуу чел кабыгынын кызарышы, тамактын кычышуусу жана ооруксунушу. КРИ заманбап медицинада, өзгөчө аба нымдуулугу жана температурасы дароо өзгөргөн мезгилдерде актуалдуу маселе болуп эсептелет. Мындай сезондорго салттуу түрдө сасык тумоо жана башка вирустук же микст-инфекция оорулары дароо жогорулаган  (б.а. эгерде адамдар дароо бир нече козгогучтарга кабылса) кышкы-жазгы жана күзгү-кышкы мезгилдер кирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча, жыл сайын дүйнө жүзүндө суук тийүү КРИ менен 100 млн.го чейин адам ооруйт. КРИ оор абалдарынын жана оорлошууларынын тобокел коркунучуна көбүнчө кош бойлуу аялдар, улгайган адамдар же кошумча өнөкөт оорулары барлар кирет.  

Бардык КРИ салттуу оорлошуулары:  жүрөктүн, бөйрөктүн жабыркашы, өпкөнүн сезгениши, өнөкөт оорулардын күчөшү жана инфекциядан кийинки астения болушу мүмкүн. Ооругандардын өзүлөрүнүн ден соолугуна олуттуу эмес мамиле кылышы учурдун кооптуу тенденциясы болуп эсептелет: калктын дээрлик 75% КРИ кадимкидей эле инфекция деп эсептешет жана өз алдынча дарылоо менен алектенип, оорунун биринчи белгилеринде дароо дарыгерге кайрылышпайт. Көпчүлүк иштеген адамдар КРИ болгондо өзүлөрүнүн организмине оору менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербестен, түзмө-түз «чуркап жүрүп» башынан өткөрүшөт. Ишке тезирээк кайтууга шашылып, алар бир нече күн үйдө болуп айыгыштын ордуна, тескерисинче, инфекциядан начарданган организми менен ишке чөмүлүшөт. Ошондуктан абдан жеңил КРИ болсо дагы көп кездешүүчү оорлошуу, инфекциядан кийинки астения болуп эсептелет, бул байыркы грек тилинен которгондо «алсыздык» дегенди билдирет. Бул абал абдан коркунучтуу, ал алсыратып жана оорудан кийин дароо билинбеши мүмкүн болгон, бирок адамды дагы көпкө чейин өзүнө келтирбей жана өзүн дени-сак сездирбеген көпчүлүк оору белгилерин айкалыштырышы мүмкүн.     

Астениянын аныктамасы кызыктай угулат, Чоң медициналык энциклопедияга ылайык,  астения бул «абдан чаалыгуу жана өтө туруксуз маанай, өзүн-өзү башкаруунун начарлашы, чыдамсыздык, жалакайлык, уйкунун бузулушу, узак акыл-эс жана денеге күч келтирүү жөндөмдүүлүгүн жоготуу, катуу үндөргө, өтө жарыкка, күчтүү жыттарга көтөрүмсүздүк менен начарданганы билинген ооруксунган абал». Ошентип, астения  - бул КРИ болгондон кийин өрчүгөн оор абал, ооруларды эл аралык классификациялоодо ал «вирустук инфекциядан кийинки чарчоо синдрому» деп аталат.   

Астения симптомдору абдан ар түрдүү: бул абдан чаалыгуу, баш оору, тез-тезден баш айлануу, уйкунун бузулушу, жүрөктүн дүкүлдөшү, артериялык басымдын суткалык өзгөрүлүшүнүн күчөшү, абдан терчилдик жана кол-буттун муздашы, ошондой эле дээрлик толугу менен акыл-эс жана кара күч эмгегине жөндөмдүүлүктү жоготуу. Көпчүлүгүндө ой-жүгүртүү процесстеринин темпинин олуттуу төмөндөшү өрчүйт, көңүл буруу концентрациясында кыйынчылыктар пайда болот, унутчаактык, ачуулануу жана жашыктык пайда болот же күчөйт.     

Бирок кайгыруунун кереги жок, себеби бул симптомдордун бардыгын өзгөчө дароо көңүл буруп жана дарылоону баштаса ордуна келтирүүгө болот. Инфекциядан кийинки астениянын себеби болуп вирустук уулануунун натыйжасында пайда болгон зат алмашуу процесстериндеги бузулуу, андан ары энергияны пайда кылуу жана чыгымдоонун бузулушу эсептелет. Ошентип, КРИ кийинки астения, бул кадимки жашоо ишмердүүлүгү үчүн зарыл, энергиянын жетишсиздиги менен коштолгон абал. Ошондуктан эң натыйжалуу дарылоо жашоо энергиясын чыгарууну активдештирүүчү жана зат алмашуу процесстерди жакшыртуучу препаратты дайындоо болуп саналат. Мындай препарат болуп абдан белгилүү болгон Милдронат® 250мг капсулалары эсептелет, ал суук тийүүдөн кийин жумушчу абалга кирүүгө жардам берет.  Милдронаттын® таасир берүү механизми - бул булчуң, жүрөк, кан тамырлардын энергетикалык потенциалын көбөйтүү, кан айланууну жакшыртуу, борбордук нерв системасынын ишин активдештирүү, көңүл буруу концентрациясын жана ишке жөндөмдүүлүктү жогорулатуу. Милдронат® клеткаларга кислородду жеткирүүнүн жана ага болгон талаптын ортосундагы тең салмактуулукту калыбына келтирет, клеткаларда алмашуу продуктуларынын токсиндүү топтолушун жок кылат, аларды жабыркоодон сактайт, жалпы кубаттандыруучу таасир берет. Аны колдонуунун натыйжасында, организм мурдагы иш жүктөмүн көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болот жана тез калыбына келет. Мунун бардыгы абалынын жана иш жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу жакшырышына түрткү берет, ошондуктан Милдронат® 250мг капсулаларын ооругандан кийинки организмдин калыбына келүү мезгилинде колдонууга болот. Бардык жогоруда саналган таасирлери инфекциядан кийинки астениянын абалына гана жакшы таасир бербестен, көп сандагы, мисалы жүрөк-кан тамыр же неврологиялык кошумча ооруларды калыбына келтирүүгө жардам берет.  

Бардык окурмандарга азыркы татаал эпидемиологиялык мезгилде ден соолук, күч-кубат жана кайрат каалоо менен бирге, бардык препараттарды ичердин алдында дарылаган дарыгер же дарыканадагы провизор менен кеңешүү зарылдыгын эскертким келет.  

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.