Жугуштуу ооруларда астения деген эмне экендигин айтып берели

Вирустук инфекцияда эң коркунучтуусу – жогору температура, жөтөл, мурун бүтүү жана булчуңдардын сыздап оорушу деп сезилет. Жана бул белгилер жоголсо эле, анда организм айыгат.

Бирок кээде вирустук инфекциянын өзү (мисалы, сасык тумоо, КДВО же коронавирус) жана калыбына келүү мезгили алсыздык, талмоорсуу жана күчүн жоготуу менен коштолот. Мындай абал инфекциядан кийинки астения деп аталат.

1. Астения деген эмне?

Жалпысынан алганда, астения кадимки маанидеги оору эмес, бирок бир абал болуп саналат. Астенияда адам дайыма күчү кетип, чарчоону сезет, көңүл бурууну, концентрацияны жана эс тутумун жоготот.

Ошол эле учурда, күйүп кетүү абалынан же кадимки чарчоодон айырмаланып, адам эс алгандан кийин да өзүн жакшы сезе албайт.

Астения болгон адам кыжырданып, шалдырап, жетиштүү уктабай калат

2. Кандай себептерден улам пайда болот?

Негизинен астения организмге өтө көп жүктөм келтирүүдөн улам -мисалы, стресске жана зыяндуу тамак-ашка толгон туура эмес жашоо образынан, же дайыма көп чарчоодон жана эс алуусуз жашоодон пайда болот.

Ошондой эле астения көптөгөн оорулардын жүрүшүн коштойт — ашказан-ичеги жолунун ууланууларынан жана ооруларынан баштап, КДВО, сасык тумоо, гепатит же коронавирус сыяктуу жугуштуу жана вирустук ооруларга чейин.

3. Астенияга вирустук жана жугуштуу оорулар учурунда жана андан кийин эмне алып келет?

Алардын кээ бир себептери.

  • Жалпы арыктоо. Вирустар менен күрөшүүдө организм олуттуу жоготууларга учурайт — иммунитеттин төмөндөшүнөн жана микроэлементтердин жетишсиздигинен көптөгөн органдардын жана системалардын иштешинин бузулушуна чейин.
  • Организмдин уулануусу. Вирустар бүт организмге жана айрыкча нерв системасына зыян келтире турган токсиндерди бөлүп чыгарат. Ал эми организм калыбына келгенден кийин, токсиндер мээге таасирин тийгизе берет, так ушул  алсыздыктын, баш оорунун жана астениянын башка белгилеринин себеби болуп эсептелет.
  • Дары-дармекти ичүүдөн кыйыр таасири. Кээ бир дары-дармектер кан системасына, бөйрөккө, боорго жана ашказан-ичеги жолдорунун башка органдарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
  •  «Аягына чейин дарыланбаган оору». Эгерде адам толук айыкпаса жана анча-мынча жакшы болгондон кийин дароо жумушка же окууга барса, организмге жүктөм  күчөйт.

Бул себептерге стрессти, фаст-фуддун көптүгү менен начар жашоо образын жана физикалык активдүүлүктүн жетишсиздигин кошсоңуз, натыйжада сиз организмдин жашоого күчүн жоготуп аласыз. Мунун баары инфекциядан кийинки астенияга алып келет.

Натыйжада, астениядан улам адамдын иммунитети калыбына келбейт жана вирустук инфекцияны (башка оорулар сыяктуу) кайра жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү бар

4. Вирустук инфекцияларда астениянын кандай белгилери бар?

Жалпысынан алганда, организмдин башка себептерден улам арыктагандыгына окшош:

  • Чарчоо. Адамдын жумуш өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт – мурун бир саатка созулган жумушту аткаруу үчүн дээрлик бир күн коротууга туура келет. Ошол эле учурда чарчоо көп эс алгандан кийин деле кетпейт.
  • Нерв системасынын бузулуулары. Астения менен ооруган бейтаптар унутчаак болуп, жай ойлонуп калат, аларда эс тутуму начарлап, көңүл буруу төмөндөйт.
  • Эмоционалдык бузулуулар. Аларга, мисалы, агрессия жана ачуулануудан тынчсызданууга, көңүл чөккөндүккө жана өзүн кем сезүү сезимине чейин капыстан маанайдын өзгөрүп турушу кирет.
  • Уйкунун бузулушу. Бул түнкүсүн тез-тез ойгонуу, начар уктоо жана уйкусуздук, ошондой эле узак уйкудан кийин адам дагы эле уктагысы келүү болушу мүмкүн.
  • Физикалык көрүнүштөр. Аларга табиттин төмөндөшү, жогору терчилдик, басымдын көтөрүлүшү жана түшүшү, баш оору жана координацияны жоготуу кирет.

Кээде астения көрүнүшү вирустук инфекциянын башталышына окшош - температура көтөрүлүшү мүмкүн, жарыктан коркуучулук жана жагымсыз катуу добуштарга сезгичтиги пайда болот, тамакка болгон табит төмөндөйт.

5. Астенияда кантип калыбына келүүгө болот?

Жалпысынан алганда, оору учурунда (жана андан кийин бир аз убакытта) чарчоо жана күчтүн жоголушу – организмдин айыгуусу жана калыбына келиши менен жок болуп кете турган кадимки көрүнүш.

Бирок, эгерде бул абал бир топ убакытка созулуп кетсе (бир нече ай же андан көп) жана кетпей жатса, буга сөзсүз көңүл буруу керек. Биринчиден, бул өтүп кете турган кадимки чарчоо, же жөн эле жалкоолук деп ойлобош керек.

Албетте, өзүн-өзү дарылоонун кереги жок. Адам өзүнүн абалын текшерүү үчүн мүмкүн болушунча тезирээк дарыгерге кайрылып, ага эмне болуп жатканын аныктоого жардам бере турган текшерүүдөн өтүшү керек.

Мындан тышкары, вирустук инфекциядан кийин организм тезирээк калыбына келиши үчүн, эмгек жана эс алуу режимин уюштурса болот - мисалы, азыраак иштеп, көп басуу. Ошондой эле туура тамактанууну баштоо, орточо жүктөмдөрдү келтирүү (эртең мененки көнүгүүлөр, чоюлуулар же йога) жана иммунитетти чыңдоо маанилүү.

Организмдеги суу балансын сактап, токсиндерди кетирүүчү суюктукту көп ичүү маанилүү

Организмге жардам берүү үчүн, витаминдерди же атайын препараттарды ичип баштасаңыз болот, мисалы:

  • Жүрөк-кан тамыр системасын колдойт. Инфекциядан кийинки астенияда жүрөк жүрөккө келтирилген жүктөмдүн жогорку чегинде  иштей баштайт жана ушундан улам кычкылтектин жетишсиздиги пайда болот. Милдронат® 250 мг курамындагы мельдонийдин жардамы менен клеткалардын кычкылтекке муктаждыгы жана жеткирилиши ортосундагы тең салмактуулук калыбына келтирилет, клеткаларда зат алмашуунун уулуу продуктуларынын топтолушун жок кылат, аларды бузулуудан коргойт.
  • Нерв системасына түрткү берет. Милдронат® 250 мг борбордук нерв системасына түрткү берет жана кыймыл активдүүлүгүн жана физикалык чыдамкайлыкты жогорулатат.
  • Иммундук системаны калыбына келтирүүгө жана оорлошуулардын өрчүү коркунучун азайтууга жардам берет.
  • Көтөрүмдүүлүгү жакшы  жана башка дарылоо менен айкалыштырылат.

Бул касиеттеринен улам Милдронат® 250 мг физикалык жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн да колдонулат.

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.