Ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү: формага кантип кайтып келүү керек? 

Ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүн көбүнчө стресс жана ашыкча жүктөм менен байланыштырышат, бирок ар дайым эле себеп аларда эмес. Убактылуу иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү оорунун, уйкунун жана тамактануунун өзгөрүшүнүн натыйжасы болушу мүмкүн. Темага болгон кызыгуунун жоголушу, алаксытуучу факторлордун пайда болушу, жаш курак же гормоналдык өзгөрүүлөр да иштин натыйжалуулугуна таасирин тийгизет. Адам күчөгөн, интенсивдүү активдүүлүктөн кийин нормалдуу иштөө темпине кайтып келгенде иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү катары эсептөө туура эмес. Чындыгында, иш жөндөмдүүлүктүн реалдуу төмөндөшү жөнүндө күч-аракет жана андан кийинки чарчоо натыйжага дал келбегенде гана сөз кылуу керек. 

Иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү кайсы убакта нормалдуу? 

Тирүү адам, машинадан айырмаланып, суткасына 24 саат туруктуу иштей албайт жана күчүн калыбына келтирүү үчүн тыныгууга муктаж. Концентрациянын бир аз төмөндөшүн эмгек ишмердүүлүгү башталгандан кийин 4-5 сааттан кийин эле байкаса болот. Көпчүлүк жумуш орундарында түшкү тыныгуунун пайда болушунун себептеринин бири ушул. 40 минутадай эс алгандан кийин адам дагы 3-4 саат натыйжалуу жана үзүрлүү иштей алат, андан кийин акырындык менен акыл-эс жөндөмүнүн төмөндөшү кайрадан башталат. Кезектешүүнүн узактыгы 12 саат болгондо, эки тыныгуу каралган, бирок жумуш күнүнүн акыркы үчтөн бир бөлүгү азыраак натыйжалуу болот, анткени чарчоо топтолуп, бир сааттык эс алуу толук калыбына келүү үчүн жетишсиз болот. 

Күн сайын физикалык иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү болжол менен ошол эле схема менен болот, бирок физикалык чарчоонун топтолушу адамдын спорттук формасына көбүрөөк көз каранды. Кимдир-бирөө бир-бир жарым сааттан кийин ылдамдыгын азайтса, кимдир-бирөө бүт нөөмөтү бою тынымсыз иштейт. Физикалык жумушта кыймыл-аракеттин көндүм болушу жана өз күчүн эсептей билүү да маанилүү. Станоктордун жанындагы  майда физикалык жумуш бир эле учурда ыкыластуулукту, концентрацияны, тактыкты жана чыдамкайлыкты, ал эми оор жүк менен иштөө күчтүү булчуңдарды жана тарамыштарды, тең салмактуулукту талап кылат. Жана, албетте, нөөмөтүнүн аягында иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү бул – тынчсызданууну талап кылбаган табигый натыйжа, ал эми чарчоону сергектикке жана кайрадан иштөөгө даяр болууга алмаштыруу үчүн тамактануу, денени эс алдыруу жана уктоо жетиштүү. 

Оору учурунда физикалык да, акыл-эс иш жөндөмдүүлүгү да убактылуу төмөндөйт, ошондуктан оору боюнча өргүүдө иштөө ден соолукка зыян гана эмес, натыйжасыз. Албетте, эң жооптуу иштерди эрктин күчү менен бүтүрсө болот, бирок бул ооруларды татаалдаштырып, калыбына келүү мөөнөтүн узартышы мүмкүн. Организмде сезгенүү процесси болгон учурда иш жөндөмдүүлүктүн убактылуу төмөндөшүнө тынчсыздануунун кереги жок. Организм болгону бардык бош ресурстарды инфекция менен күрөшүүгө жумшайт. 

Этек кир да иш жөндөмдүүлүктүн убактылуу төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, анткени жатындын булчуңдарынын жыйрылышынан болгон оорудан, кан жоготуудан жана гормоналдык фондун термелүүлөрүнөн улам организмге олуттуу жүк жүктөлөт. Сейрек учурларды кошпогондо, эмгектин натыйжалуулугунун мезгил-мезгили менен төмөндөшүн аялдар өздөрү байкашат, алар айыз күндөрү туруктуу жогорку натыйжаларды алуу үчүн көбүрөөк энергия короторун белгилешкен. 

Иш жөндөмдүүлүктүн коркунучтуу төмөндөшү 

Эгер эс алуу күчтү жана концентрацияны калыбына келтирүүгө жардам бербесе, убактылуу иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөө абалына чара көрүү керек. Мисалы, күндүн биринчи жарымында чарчоо басса жана түшкү тыныгуудан кийин кетпесе. Эгер түнкү эс алуу жана сегиз сааттык толук уйку кадимки өндүрүмдүүлүктү кайтарбаса, андан да коркунучтуу. Бул абалдын бир нече себептери болушу мүмкүн: 

  • катуу өнөкөт оору; 
  • чүнчүү; 
  • эмоционалдык чарчоо жана ишке болгон кызыгууну жоготуу; 
  • диета, жашоо образын капыстан өзгөртүү; 
  • жамаат менен канааттандырбаган мамилелер; 
  • кээ бир дары-каражаттарын кабыл алуу. 

Иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнүн дагы бир себеби - жаш курак. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, азыр улгайган адам деп 60 жаштан ашкан адам эсептелет. Бул көрсөткүчкө жеткенден кийин, жаш курагына байланыштуу сөзсүз өзгөрүүлөрдүн натыйжасында иш жөндөмдүүлүк төмөндөшү мүмкүн. Бирок, мындай жагдайда дагы акыл-эс жана физикалык форманы жарым-жартылай калыбына келтирүү жана көп жылдар бою бир кыйла жогорку деңгээлде сактоо мүмкүн. 

Иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүндө эмне кылуу керек? 

Натыйжалуулуктун узак мөөнөттүү төмөндөшүн же өтө чарчоону байкаганыңызда, биринчи кезекте сиздин абалыңызды анализдөө керек. Белгилүү бир иш-аракет чөйрөсүнө байланыштуу иш жөндөмдүүлүктүн узак мөөнөттүү төмөндөшү өзгөртүү зарылдыгын айтып турат. Адаттагы ишти аткаруу өтө кыйын болсо, кайра квалификациялануу жөнүндө ойлонсоңуз болот. Эгерде машыгуу залына баруу мурункудай кубаныч алып келбесе, бассейнге түшүп, бийлеп же командалык спорт менен машыгып көрсөңүз болот. Эгерде үй-бүлө менен баарлашуу чарчатса, анда эс алууга мүмкүнчүлүк табуу керек – балаңызды багуучу аялды чакырыңыз, жалгыз эс алууга кетиңиз, натыйжасында кыйынчылыктын негизин анализдеп чыгууга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Эгер энергиянын ашыкча чыгымдалышы жамааттагы уулуу мамилелерден келип чыкканы белгилүү болсо, анда өзүңүздүн  чөйрөңүздөн жаңы жумуш табуу жөнүндө ойлонушуңуз керек. 

Тышкы себептердин тиешеси жок экендигин аныктагандан кийин, коркуунун кереги жок.  

Зарыл: 

  1. Тез чарчоого даттануу менен дарыгерге кайрылыңыз. 
  2. Эндокринологго кайрылып, калкан безинин гормондоруна анализ тапшырыңыз. 
  3. Жалпы заара жана кан анализдерин тапшырыңыз. 
  4. Неврологго кайрылыңыз. 
  5. Психиатрга кайрылыңыз. 

Адистер биргелешип иштөө менен иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө эмне себеп болгонун аныктап, эң ылайыктуу дарыланууну жазып беришет. Себеби ден соолук менен байланышпаган, иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү физикалык жана акыл-эс өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын билдирет.  

Иш жүктөмдүүлүктү кантип калыбына келтирүү керек? 

Иш жөндөмдүүлүктүн узак мөөнөттүү төмөндөшү карьераңызга гана эмес, ден соолугуңузга да зыян келтирет. Апатия жана көйгөйлөрдү мурункудай эле темпте чече албоо стрессти жаратат, нервдик чыңалуу уйкуга, жүрөк жана кан тамырлардын иштешине, аппетитке, иммунитетке терс таасирин тийгизет. Башында ден соолук көйгөйлөрү жок болсо да, алар үзгүлтүксүз ашыкча иштөөнүн фонунда башталышы мүмкүн. Мындан тышкары, эрктин да чеги болот, эгер сиз чарчаганыңызга моюн бербей тынымсыз иштесеңиз, анда чүнчүү өрчүшү мүмкүн. 

Таза абада сейилдөө, көркөм китептерди (макалаларды жана эскертүүлөрдү эмес) окуу, үзгүлтүксүз дене тарбия, чет элдик сөздөрдү угуу же тилдерди үйрөнүү, кол менен жазуу, сүрөт тартуу, чоподон бир нерселерди жасоо организмдин калыбына келишине шарт түзүүгө жардам берет. Өнүгүүгө киришүүдөн мурун, уйку режимин тууралап, рационду тең салмактап, эч кандай пайда алып келбеген бардык керексиз жүктөмдөрдөн баш тартуу керек. Күндү кылдат пландаштыруу керек, мүмкүнчүлүк болсо, ашыкча иштебеш үчүн айрым иштерди өткөрүп, өзүңүз менен бир аз убакыт өткөрүүнү унутпаңыз. Бул ыкма ашыкча иштөөдөн кийин натыйжалуулукту калыбына келтирүүгө да, белгисиз себептерден улам төмөндөп кеткен өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга да жардам берет. 

Калыбына келүү мезгилинде жүрөк-кан тамыр системасына жардам бере турган каражатты тандап алуу зарыл. Натыйжалуу дары-каражат иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүндө жүктөм менен күрөшүүгө жардам бериши керек, анын ичинде клетка ичиндеги зат алмашуу процесстерин коррекциялоо аркылуу. Мисалы, Милдронат® 250 мг жүктөм учурунда клеткалык зат алмашууну оптималдаштырып, мембраналарды толук эмес алмашуусунун продуктуларынын бузулушунан коргойт. Аны колдонуу, машыгуу процессине оорусуз кирүүгө, стресстин жана ашыкча жүктөмдүн натыйжасынан чыгууга, ошондой эле спорттук жана интеллектуалдык машыгуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.  

Иш жөндөмдүүлүк акырындык менен жогорулайт, ошондуктан сиз дароо өзүңүздөн жогору натыйжаларды күтпөшүңүз керек. Бир гана үзгүлтүксүз, бирок пландалган жана шашылбаган өнүгүү чындап эле байкаларлык натыйжа алып келет. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.