Студенттик күндөр, окуудагы жетишкендиктерди жогорулатабыз

Жакшы уйку - сиздин башкы артыкчылыгыңыз  

Бардыгын экзамен алдындагы түнү үйрөнүү адаты; эртең саат 8:00дө окууда болушуңуз керек болгон учурда көңүл ачууну каалоо - бардык убактагы студенттер үчүн толук уктоого убакыт табуу оор. Демек - унутчаактык, жаңы маалыматтарды кабыл ала албастык жана, натыйжада окуу деңгээлинин төмөн көрсөткүчтөрү. 

8 сааттык уйкуга кантип убакыт табуу керек? Күнүмдүк жашоодо  убакытты так чектеңиз: 8 саат уктоо үчүн, башка 8 саат окуу үчүн, жана калган 8 саат эс алуу жана иш үчүн. Башка нерсе үчүн уйкунун сааттарын "уурдап" албоо керектигин унутпаңыз. 

Гаджеттерге болгон көз карандылыкка «жок» деп айтыңыз 

Азыркы студенттер – Y муунунун өкүлдөрү – өз жашоосун гаджетсиз жана интернетсиз элестете алышпайт. Бул ар дайым колдо болгон тирөөчтөрдүн бир түрү. Жаңы маалыматты жаттап алуунун кажети жок – Google баарын айтып берет. 

Эмне кылуу керек? Китепканадан кагаз окуу китептерин алып, өз билимиңизге гана таяна баштаңыз. Ошондой эле, шпаргалка жазыңыз. Даярларды көчүрүп албаңыз, тактап айтканда, кол менен жазыңыз. Конспект түзүү менен сиз негизги маалыматты тандоону үйрөнөсүз жана бир нерсе жазганда, аны сөзсүз эстеп каласыз. Бирок экзамендерде шпаргалкаларды колдонуу таптакыр зарыл эмес. Ооба, эмне кереги бар? Сиз буга чейин эле баарын жаттап алгансыз. 

Спорт менен машыгыңыз 

Физикалык жүктөмдөр - башыңызды эс алдыруунун жакшы жолу. 5 минута мурун жатка билген нерсеңизди эстей албай жаткандай сезилсе, 10-15 минута чуркаңыз. Же жөн эле таза абада спорттук кадамдар менен сейилдеңиз. 

Паркинсондун биринчи мыйзамы 

Паркинсондун биринчи мыйзамы ишке бөлүнгөн убакыттын баарын толтуруу үчүн иштин жалпы көлөмү ар дайым көбөйөрүн айтат. Окуучулар бул принципти чоң каалоо менен аткарышат. Мисалы, студент диплом жазууга бир ай убакыты бар экенин билсе, анда бүт жазуу процесси бир айга созулат, б.а., тапшырмага көңүл топтоонун ордуна, жаштар убакытты текке кетиришет. 

Кандай болуу керек? Бала кезиңизде ата-энеңиздин: "Эгер шорпо ичпесең, шоколад албайсың"; "Бөлмөнү тазала, анан футбол ойно", деп айткандарын эстеңиз;  

Сиз ачууланчусуз, бирок айткандарды аткарчусуз. 

Эми түрткү берүүлөрдү өзүңүз табышыңыз керек. Эгер сиз окуу тапшырмасын тез жана сапаттуу бүтүрсөңүз, анда сиз өзүңүзгө жаккан нерсени аткарууну убада бериңиз.  

Эгер эч нерсе жардам бербесе - жардамга кайрылыңыз 

Эгерде бардык аракеттериңизге карабастан, сиз дагы эле окууга көңүл бура албасаңыз, анда сизде психоэмоционалдык ашыкча жүктөм болушу мүмкүн. Бул көп учурда сессия убагында болот. Бул учурда, сиз мээнин ашыкча жүктөмү менен күрөшүүгө мүмкүндүк берген каражат жазып бере турган адиске кайрылууңуз керек (мисалы, Милдронат®, 250 мг капсулалары). 

Жогорудагы кеңештер сизге окуу тапшырмаларын натыйжалуу аткарууга жана ошол эле учурда денеңизди жакшы формада кармоого мүмкүндүк берет. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.