Жөнөкөй чарчоо же астения 

Простая усталость или астения

Оор күндөн же оор иштен кийин чарчоо - бул табигый жана толугу менен нормалдуу нерсе, анткени энергияны короткондон кийин организм калыбына келиши керек. Үзгүлтүксүз толук кандуу активдүүлүктөн кийин, кечинде чарчоо, ошондой эле эс алып, сергек болуп ойгонгон дагы норма, ал эми эс алуудан кийин  эргүүнү жана көңүлдүн көтөрүлүшүн сезүү бул норма болуп саналат. Бирок, организмди нормалдуу калыбына келүүсүнөн ажыратып, чарчоо катары жашырынган бузулуулар бар. Жана мындай оорулардын тизмесинде биринчи орунда астения турат. 

Астения деген эмне жана аны кантип аныктоо керек 

Астения – бул психосоматикалык оору, ал көп учурда туруктуу чарчоо жана күчтүн жоголушу катары көрүнөт. Кээде астения көрүнүштөрү сасык тумоонун башталышына окшош – дене табы көтөрүлүшү мүмкүн, жарыктан коркуу, курч үндөргө сезгичтик жана негизсиз уйкучулук пайда болуп, табити төмөндөйт. Бирок вирустук инфекциядан айырмаланып, симптомдору узакка созулат жана төшөктө эс алуу сакайууга жардам бербейт. 

Астения тынчсыздануунун күчөшү, жүрөктүн тез-тез согушу, кыска мөөнөттүү активдүүлүктөрдөн кийин да чарчоо, кандайдыр бир кыймыл-аракет учурунда демигүү жана, баш айлануу менен коштолушу мүмкүн. Кадимки анализдер, терапевт жана кардиологдун текшерүүсү адамдын дени сак экенин белгилейт жана пайда болгон шарттардын физиологиялык негиздери жок экендиги кызык. 
Ооруну кадимки чарчоодон же инфекциядан айырмалоого жардам берген астениянын маанилүү белгиси - эс алуу жеңилдик алып келбейт. Сүйүктүү нерселерге болгон кызыгуу жоголот, кыймылга, окууга, иштөөгө, баарлашууга болгон каалоо жоголот. Көбүнчө астения чүнчүү менен коштолот жана ылайыгына  жараша комплекстүү ыкмалар менен дарыланат: медициналык каражаттар менен дарылоо психотерапия менен айкалышта, кээ бир учурларда ооруканага жаткыруу көрсөтүлөт. 

Жөнөкөй туруктуу чарчоо 

Оору болуп саналган жана адистердин көзөмөлүндө дарыланган астениядан  кадимки чарчоо эс алуу менен гана дарылануусу менен айырмаланат. Бирок, кээ бир учурларда, жөн гана уктоо жетиштүү эмес. Төмөнкү жагдайларда көп кездешет: 

  • нормасы чектелбеген иш тартибинде; 
  • ар дайым стресс шарттарында иштегенде; 
  • айрыкча 1/3 жана 12/48 уйку жана сергектиги  бузулган,  кезектешме жумуш учурунда;  
  • жүктөм өтө чоң болгондо, мисалы, жумушка кечки бөлүмгө кирип такай окуу кошулганда же балдар менен баарлашуу, тиричиликти тейлөө зарылдыгы болгондо; 
  • майрам жана дем алыш күндөрү жок узак мөөнөттүү иште; 
  • жетиштүү эмес тамактанууда. 

Мындай жагдайларда астения пайда боло элек болот, бирок дайыма чарчоо жана эс алуунун жетишсиздиги анын өрчүшүнө шарт түзө баштайт. Ошондуктан оорунун пайда болушуна жол бербөө үчүн дайыма чарчоо менен күрөшүү керек. 

Жардам берүүчү эс алуну уюштуруу 

Чарчоону жоготуу үчүн адамга жөнөкөй, бирок кепилденген жеткиликтүү нерселер керек: уйку, сапаттуу тамак-аш, каалаганыңызды жасоо мүмкүндүгү, бир нече убакытка чейин маанилүү чечимдерди кабыл албоо укугу, жоопкерчиликтин бир бөлүгүн өткөрүп берүү шарттары. Башка сөз менен айтканда, сизге төмөнкүлөр керектүү: 

  • уйку режимин теңдөө; 
  • тамактануу режимин тууралоо жана рациондун тең салмактуулугу; 
  • тиричилик жумуштардын  жоопкерчиликтерин үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында бөлүштүрүү; 
  • жумушка жана үй-бүлөгө байланышпаган жеке иштерге убакыт бөлүү; 
  • дайыма эс алууну уюштуруп, маанилүү маселелерди чечпей, чындап эс алуу. 

Жашоо режимин кайра уюштуруу жана эс алуунун адекваттуу жүктөмүн бөлүштүрүлүшүнө өтүү мезгилинде нерв жана жүрөк-кан тамыр системасын колдоо  боюнча кам көрүү керек. Мындай жагдайлар үчүн атайын иштелип чыккан препараттарды кабыл алуу жакшы вариант болот. Мисалы, Милдронат® 250 мг клеткалардагы энергетикалык алмашууну жана биохимиялык процесстерди оптималдаштырып, миокарддын клеткалык мембраналардын бузулуу коркунучун азайтат, бул эң жогорку жүктөмдө жүрөктүн иштешине жакшы таасирин тийгизет. Препараттын таасири гипоксия шарттарында мээ клеткаларынын ишинин бузулушунан алыс болууга жардам берет жана эс алуу мезгилинде сапаттуу калыбына келүүнү камсыз кылат.  
 
Чарчоодо  өз организмиңизге жана анын ресурстарына туура мамиле кылуу - жемиштүү эмгектин натыйжасы болгон шарттарды түзөт, ал эми күчкө толуу - ишти баштоо үчүн табигый түрткү берүү болуп саналат. Астения менен ооругандарга активдүүлүк менен эс алуунун гармониялык катышына жетүү кээде көп жылдарды талап кылат. Өтө  чарчаган адамдарга иш менен эс алуунун туура ритмин түзүү үчүн бир нече жума жетиштүү. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.