Күзүндө чарчаганыңыздын 4 себеби

Бир  ай мурун терезенин сыртында күн жаркырап тийип, жылуу жана кургак болчу, ал эми азыр бара-бара суук, жамгыр жана боз түшүп келет. Муну менен бирге көптөгөн адамдар өздөрүн оорураак сезе башташат– эми эртең менен туруу оорураак, чарчоо, кыжырдануу пайда болот.

Өзүңдү урушууга шашпа-буга жалкоолук эмес, күзгү көңүл чөгүү, бук болуу күнөөлүү. Мындай абалдын себептери көп, бирок бул макалада биз эң көп кездешкен 4 нерсени талдайбыз.

№1 себеп. Күндүн узундугу азаят

Көптөгөн адамдар күн тартибин атайылап өзгөртсө да – түнкүсүн сергек болуп, эртең менен кеч турушса да – организмди алдай албайсың. Ал бардык жашоо процесстерин орнотулган адамдын биологиялык саатына ылайыкташтырат.

Бул мындай иштейт: эртең менен жарык болуп, серотониндин (бакыт гормонунун) иштелип чыгышы көбөйүп, ойгонобуз. Күн асманда турганда, биз иштейбиз, окуйбуз, энергияны сарптайбыз. Түн киргенде бизди уйкуга даярдай турган мелатонин гормону активдүү иштелип чыга баштайт. Биз чарчап, ишке жөндөмдүүлүгүбүздү жогото баштайбыз жана уйкуга даярданабыз.

Эгерде жайында күндүн узундугу орточо 14-16 саат болсо, күзүндө жана кышында бир топ кыскарат. Организм жарыктын аз же жок экенин" көрүп", мелатониндин бөлүнүп чыгышын андан келип чыккан бардык кесепеттери менен баштайт.

№2 себеп. Иммунитеттин төмөндөшү

Күз - бул суук тийүүнүн чыныгы мезгили. Вирустар жана бактериялар жайдан кийин "ойгонушат" жана организмдин коргонуу тосмосу – иммунитет аркылуу өтүүгө аракет кылышат. Эгер адам ден-соолугу чың болсо, анда адам оорубайт. Бирок алсыраган организмдин – анын ичинде жарыктын жетишсиздиги-микробдор менен күрөшүү үчүн күчү азыраак. Буга суук тийип калуу коркунучун жана буга чейин ооруп калгандар менен көп байланышты кошуңуз – мында адам суук тийип, аны менен кошо көңүлү чөгүп, чарчайт.

Денеге кантип жардам бересиз? Жөнөкөй жолу -иммунитетти көтөрүү. Жок дегенде колду тез-тез жууп, бөлмөнү желдетип, смартфонду антибактериалдык майлыктар менен сүртүп баштаңыз-ошентип вирустарга жана бактерияларга чалдыгуу коркунучу азаят. Иммунитетке активдүүлүк дагы жардам берет-жаратылышта таза абада сейилдөө, жөнөкөй физикалык көнүгүүлөр жана башкалар.

Уйку жөнүндө да унутпаш керек - бул организмдин коргоочу күчтөрүн калыбына келтирүү үчүн негизги жардамчысы болуп саналат. Анын жетишсиздиги чарчоого алып келет жана өз кезегинде бизди вирустар жана бактериялар менен күрөшүүдө алсыз кылат

№3 себеп. Витаминдердин жетишсиздиги

Жай мезгилинде витаминдер менен минералдар дээрлик эркин жеткиликтүү – аларды жашылча-жемиштерден толуктоо оңой. Күзүндө бул элементтерди дагы эле жаңы түшүмдүн продуктуларынан алууга болот, бирок кышка жакын пайдалуу заттардын жетишсиздиги башталат.

Денедеги көптөгөн процесстерге жооптуу болгон маанилүү Д витамини (алардын арасында иммундук жана нерв системасынын иши) ультрафиолет нурларынын таасири менен гана синтезделет. Күзүндө алар алда канча аз, ошондуктан  Д витамини жетишсиз болушу мүмкүн. Демек, адамдын абалы начарлашы мүмкүн.

Организмге кантип жардам берүү керек? Тамак-аш азыктарынын жетишсиздигин продуктулардан толтуруу барынан жөнөкөй – мисалы, күзүндө жаңы жемиштердин жана жашылчалардын түшүмүнөн (жүзүм, ашкабак, помидор, кызылча, анар, козу карын) алууга болот. Ал эми жыл бою колдонулган азык – түлүктөргө келсек, рационуңузга боор, жумуртка, майлуу балык, кычкыл сүт азыктары, жаңгактар, дан эгиндери, өсүмдүк майларын кошсоңуз болот-аларда күз мезгилинде жетишсиз болгон А, D, Е, C, РР жана B тобундагы витаминдер эң көп.

№4 себеп. Организмдин психологиялык кайра курулушу

Аба ырайы жылуу болгондо, суукка караганда стресс жана ыңгайсыздык менен күрөшүү оңой. Күн, гүлдөр жана жашылдар, жылуу аба баары кубандырып, жаман ойлордон алаксытат. Күздүн келиши менен биз көбүнчө ойлорубуз менен үйдө отурабыз – демек, жаман маанайдан качуу кыйыныраак болот. Ошондой эле эс алуу мезгилинин аякташы дагы таасирин тийгизүүдө – биз кайрадан талыкпай эмгектенип, айрым учурларда убактысынан көп иштешибиз керек. Булардын бардыгы организмдин абалына жакшы таасир этпейт.

Организмге кантип жардам берүү керек? Өзү жөнүндө кам көрүү – иштердин ортосунда тыныгуу, массаж, даамдуу тамак, жагымдуу адамдар менен сейилдөө сыяктуу анча чоң эмес кубанычтар үчүн бир аз убакыт табуу. Дагы жаңы хобби табууга болот –мисалы, сүрөт тартууну үйрөнүү, бийге жазылуу же музыкалык аспапта ойноп көрүү.

Жай мезгилине караганда күзүндө үйдө көбүрөөк убакыт өткөргөндүктөн, жайлуу нерселер– плед, шам, жашыл өсүмдүктөр менен курчоого болот.

Өтпөгөн алсыздык менен дагы кантип күрөшүүгө болот?

Эгерде мунун баары ишке ашпай калса жана чарчоо улана берсе, анда организмге кошумча колдоочу чаралар керек болушу мүмкүн. Мисалы, клетка ичиндеги энергия процесстерин оптималдаштырууга жана калыбына келтирүүгө жардам бере турган дары түрүндө. Мындай каражаттарга Милдронат ®250 кирет, ал:

✅ мээге ашыкча жүктөм болушунда көңүл буруу концентрациясын жана эс тутумду, мээнин активдүүлүгүн  жакшыртып БНСке сергитүүчү таасир көрсөтөт;

✅ физикалык жана психикалык ашыкча жүктөмдөрдө организмдин энергия запастарын калыбына келтире алат;

✅ психикалык жана физикалык активдүүлүктү сактоого жана ашыкча жүктөмдөрдө организмдин калыбына келишине өбөлгө түзөт.

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.