Чарчоо, күйүп кетүү жана өнөкөт чарчоо бирин экинчисинен кантип айырмалоого болот

Эртең менен жумушка кетесиң, кечинде үйгө келесиң, дем алыш күндөрү сыртка чыгасың же досторуң менен жолугасың, жашоо өз нугунда жүрүп жаткандай бардыгы жакшы болуп көрүнөт. Күн сайын ишке жөндөмдүүлүк бир жакка учуп бараткандай, күч жоголуп,  төшөктөн туруу кыйыныраак болуп калганын бара-бара байкайсың. Жана көбүнчө биринчи жалкоолук үчүн өзүңүздү урушуп, күч менен баарын жасай баштагыңыз келет. Бирок, балким, мындай абалдын себеби үч градацияга ээ болгон чарчоо болгондур. Кандай чарчоо экендигин төмөндө түшүндүрөлү.

Ашыкча чарчоо

Ар бир адам туш болушу мүмкүн болгон чарчоонун биринчи баскычы. Бул организмдин физикалык, психикалык, интеллектуалдык жүктөмгө болгон убактылуу нормалдуу реакциясы. Эки  күн татаал отчеттун үстүндө иштесең, машыгуу залында интенсивдүү машыксаң, өзгөчө кырдаал режиминде сессияга даярдансаң –күчүң бир жакка кеткенсип, алардын ордуна чарчап калганыңды сезесиң. Анан такыр иштегиң да, окугуң да, машыккың да келбей калат.

Ушундай жагдайларда кайрадан  сергек болуу үчүн көп нерсе талап кылынбайт: жетиштүү уктоо же эс алуучу нерселерди жасоо менен алектенүү-сейилдөө, сүрөт тартуу же китеп окуу. Адатта, бир-эки күн эс алгандан кийин абал жакшырып, иштөөгө жана жаратууга күч-кубат кайрадан пайда болот.

Жыйынтык: ашыкча чарчоо – бул ашыкча жүктөмдөргө убактылуу реакция. Аны дарылабай эле оңой эле чечүүгө болот – жүктөмдү азайтып, абалды байкоо жетиштүү.

Күйүп кетүү

Эгерде сиз биринчи баскычты өткөрүп жиберсеңиз жана организмдин эс алыш керек деп, каккан коңгуроолорун этибарга албай, “жумуш-үй-бүлө- кызыгып артынан түшүп алуу”, ритминде жашай берсе, организм “күйүп кетиши” мүмкүн. Бул физикалык жактан да көрүнгөн чарчоонун өзгөчө түрү - мисалы, анын айынан иштөө жөндөмү жоголот, дайыма уйку келип, көңүл буруу концентрациясы жоголот.

Бирок күйүп кетүүнүн негизги айырмачылыгы-бул эмоция жөнүндө окуя жана ал ашыкча чарчоодон эмес, жумушта же үйдө туруктуу стресстен улам пайда болот.

Мисалы, көптөн бери кызыктуу долбоордун үстүндө алектенип, өзүңдү толугу менен жумушка берип, үйдө дээрлик түнөбөстөн иштеп, бирок сенин ордуңа анын пайдасын башка бирөө көрүп, иши боюнча көтөрүлүп кетти дейли. Албетте, мындан көңүл чөгүү табигый нерсе, бул кадыресе көрүнүш. Бирок, бул жагдайды өз убагында иштеп чыкпаса,  анда бардык эмоциялар жана сезимдер өчүп бараткандай сезилет, жакшы көргөн нерсең мындан ары кубандырбайт, ал тургай, хобби да ырахат алып келбей калат. Жана так ушунун артынан физикалык көрүнүштөр башталат.

Жыйынтык: күйүп кетүү – бул жумуштагы же үйдөгү өнөкөт стресстен улам пайда болгон синдром. Күчтү жоготуу менен бирге жаман маанайдан жана кыжырдануудан толук кайдыгерликке чейин эмоционалдык көрүнүштөр да пайда болот. Ошондуктан, организмдин жардам сурап берген белгилерин убагында байкап туруу маанилүү. Дагы психологго кайрылсаңыз болот-ал көйгөйлөрдүн себептерин түшүнүүгө жана жумуш менен эс алуунун ортосундагы теңдемди табууга жардам берет.

Өнөкөт чарчоо

Эгерде стресс жана чыңалуу ишенимдүү шериктерге айланса, анда чарчоо топтоло берет жана организм калыбына келүүгө жетишпей баштайт – ага бир нече күн да, бир жумалык өргүү да жетишпейт. Ал эми таптакыр эс албай, жаңы иш-аракеттерди жана түйшүктөрдү жүктөй берсеңиз, астения (өнөкөт чарчоо) пайда болушу мүмкүн.

Бул ашыкча чарчоодон айырмаланып, физикалык же психикалык жүктөмдөрдүн натыйжасы эмес, ал тургай, жакшы эс алуудан кийин да жоголбойт. Натыйжада, өнөкөт чарчоо өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет-эми мурда бир саат алган жумушту аткаруу үчүн, дээрлик бүт күндү коротууга туура келет. Муну менен бирге уйку көйгөйлөрү жана эмоционалдык бузулуулар пайда болот.

Кээде астения кандайдыр бир оору менен кошо пайда болот. Мисалы, тамак-аштан ууланганда организм айыгуу үчүн бардык ресурстарын жумшады, ал эми калыбына келтирүү үчүн эч кандай күч калган жок.

Демек, иштөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, маанайдын начарлащы жана энергияны жоготуу чарчоонун же уйкунун жетишсиздигинин көрүнүшү, ошондой эле диагноз коюлбаган же аягына чейин дарыланбаган оорунун, анын ичинде олуттуу оорунун белгиси болушу мүмкүн.

Мындай учурда өзүн-өзү дарылоо менен алектенбей сөзсүз адиске кайрылуу керек. Дарыгер керектүү диагнозду жүргүзүп, чарчоонун себебин аныктап, керек болсо дарылоону дайындайт.

Кошумча атайын препараттарды кабыл алууга болот– аларга Милдронат ® 250 кирет, ал клетка ичиндеги энергетикалык процесстерди оптималдаштырат жана организмдин күчүн калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле, ал жогору жүктөм  шарттарында:

  • клеткалардын кычкылтекке болгон муктаждыгы жана жеткирүү ортосундагы тең салмактуулукту калыбына келтирет
  • сергитүүчү таасир көрсөтөт;
  • клеткаларда зат алмашуунун уулуу продуктуларынын топтолушуна тоскоол болуп, аларды бузулуудан сактайт;
  • энергиянын резервдерин тез калыбына келтирет;
  • борбордук нерв системасына түрткү берет;
  • кыймыл активдүүлүгүн жана чыдамкайлыкты жогорулатат.

Милдронат®250 препаратын колдонгондон кийин организм физикалык жана психикалык стресске туруктуу болуп калат.

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.