Жазындагы көңүл чөгүүдөн жана чарчоодон кантип кутулса болот

Как распрощаться с весенней хандрой и усталостью

Жазында сиз көңүл чөгүүгө, бук болууга кабылсаңыз, жашооңузда "жок" деген сөз өтө көп болот.  “Мен машыгууга баргым келбейт”. “Мен бүгүн үй жыйнабайм”. “Мен досторум менен жолугушууга барбайм”.

Тескерисинче жасаңыз

Тескерисинче, жазгы көңүл чөккөн мезгилде каалабаган нерсени жасаңыз. Машыгууга барыңыз, үйдү жыйнаңыз, досторуңуз менен жолугуңуз - жакпаса дагы, кыйын болсо да "мен жасай албайм" аркылуу жасаңыз. Жазгы чарчоо сизди басып албасын - андан күчтүрөөк экениңизди көрсөтүңүз.

Табитиңизге көңүл буруңуз

Жазгы көңүл чөгүү  учурунда адамдар эки чектен чыгуучу жагдайга туш болушат - же тамак көп ичишет, же алардын кекиртегине бир кесим да барбайт. Алтын эрежени жаттап алыңыз: жазгы алсыздык көбөйсө да, түшкү тамак тартип боюнча кабыл алынышы керек. Сизге ансыз дагы психологиялык жактан оор, буга физикалык алсыздыкты кошуунун кереги жок.

ϴзүңүздүн абалдыңыздын жакшы жактарын издеңиз

Жазгы көңүл чөгүү  бир нерсе туура эмес болуп жатканын билдирген "коңгуроо" катары кабыл алыңыз. Мүмкүн сизге өзүңүздүн ишиңиз жакпай жаткандыр. Балким жаныңыздагы адам менен бактылуу эмессиз. Же кырдаалды өзгөртүүгө убакыт келди - эс алууга кетиңиз же туруктуу жашоо үчүн башка шаарга көчүңүз.

 Сиздин абалыңыз сиз үчүн өсүү чекити болуп - жашооңузду жакшырта турган өзгөрүүлөрдү баштасын.

Көңүлүңүз чөккөнүн  жумушка же окууга кийлигишүүсүнө жол бербеңиз

Жазгы көңүл чөгүү эч кандай шылтоо эмес - бардык иштеги же мектептеги жумуштарыңызды натыйжалуу аткарышыңыз керек. Эгерде сиз бул оорунун негизги шериктеринин бири көңүл бурбоо экенин эстесеңиз, анда сиз бул мезгилде кесиптик же билим берүү ишмердүүлүгүңүздө ката кетирбөөгө жардам бере турган кандайдыр бир жолду табышыңыз керек. Сиз “30 секунд эрежесин” колдоно аласыз. Анын мааниси ар бир маанилүү окуядан кийин (жолугушуу, иш боюнча жолугушуу, лекция ж.б.) жазууга туура 30 секунд коротуп, эң керектүүсүн жазып алуу. Мына ушунда, сиз маселенин түпкү маңызына көңүл бурасыз жана иш боюнча гана суроолорду бересиз.

Адамдардан качпаңыз.

друзья

Өзүбүздү жаман сезгенде, биз жалгыз калгыбыз келет. Бирок башкаларды өзүңүздөн четтетүү жакшы варианттардан эмес. Досторуңуз жана үй-бүлөңүз сизге чын жүрөктөн жардам берүүнү кааларын унутпаңыз. Биз жардам суроодон уялабыз, алсыз көрүнүүдөн корккондуктан жардам суроодон качабыз. Бирок жардам суроодо эч кандай уят нерсе жок – адамдар бири-бирине жардам бериши керек.

Өзүңүзгө жабылбаңыз, көйгөй менен жалгыз күрөшпөңүз - жөн гана жардам сураңыз.

Адис менен кеңешиңиз.
Балким, сиздин өндүрүмдүүлүгүңүздү калыбына келтирүүгө жардам бере турган каражат табуу керек. Адис менен кеңешиңиз, балким, ал "Милдронат® 250мг капсулалары" препаратын сунуштайт, ал физикалык жана психикалык ашыкча жүктөмдөрдүн иштешин калыбына келтирүүгө жардам берет.

Жазында бүткүл табият ойгонот – сиз да ойгонуңуз, көңүл чөгүүнү артта калтырыңыз!

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.