Спорт менен машыгуу, жүрөккө кантип зыян келтирбеш керек

Заманбап адамдардын аң-сезиминде дени сак жана сулуу адамдын образы чымыр дене, рельефтүү булчуңдар жана ашыкча салмактын жоктугу менен тыгыз байланышта болот. Кыялдагы дене үчүн фитнес борборлорго арыкташ керек болгондор да, булчуң массасын кошууга муктаж болгондор да барышат. Эң жогорку натыйжага жетүү үчүн көптөгөндөр максималдуу жол берилген салмак менен интенсивдүү кардио жана күч машыгуусун тандашат. Бирок, даярдыгы жок адам үчүн мындай машыгуу схемасы коркунучтуу. 

Көп жылдар бою басуу жана жеңил муун гимнастикасы менен гана чектелген адам бир нече жыл катары үзгүлтүксүз машыккан адамдардан байкаларлык айырмаланат. Муундар, булчуңдар, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системалары интенсивдүү машыгуунун ритмине дароо көнө албайт, жана жүктөмдүн кескин жогорулашы мертинүүлөр, ашыкча чарчоо, баш айлануу жана эс-учун жоготуу менен коштолушу мүмкүн. Терс таасирлерге жол бербеш үчүн, машыгуулардын ритмине акырындык менен кириш керек. Баштапкы этаптын негизги максаты бул – машыгуулардын үзгүлтүксүздүгү. 

Машыгуунун оптималдуу программасын түзө турган жеке машыктыруучуга ар кимдин эле мүмкүнчүлүгү жок,ошондуктан көпчүлүгү окуу видеолордун негизинде машыгуу планын түзүүнү артык көрүшөт, айрыкча интернетте  жаңы баштагандар үчүн жетиштүү сунуштар көп. Бирок, коопсуз спорттун негизги принциптерин көбүнчө жаңы баштоочулар унутуп коюшат: 

  1. Булчуңдарды жумшартуучу көнүгүүлөр. Мектепте дене тарбия сабагынан жасалган муун гимнастикалары. Байламталарды  жазуу үчүн ийинди, колдорду, чыканактарды, жамбаштарды жана тизелерди бир нече минутага жеңил айлантуу керек - антпесе чыгып кетүү жана чоюлуп калуу коркунучу бир топ жогору болот. 
  2. Жылынуу. Булчуңдарды жылытуу үчүн 10 минута тегеретме чуркоочу жолдо, орбитректе, велотренажёрдо машыгуу керек. Эгер бул баскычты өткөрүп жиберсеңиз, машыгуунун натыйжалуулугу азыраак болуп, ашыкча чыңалуу коркунучу жогорулайт. 
  3. Негизги машыгуу. Эгер бул кардио болсо, анда темпи жогорулайт. Эгер күч машыгуусу болсо - анда көнүгүүнүн аткарылышы башталат. Ар бир көнүгүүнүн техникасын алдын ала изилдөө зарыл, же залдагы машыгуучулардан жана кезметчи машыктыруучудан анын канчалык туура экендигин көрсөтүүнү сурасаңыз болот. 
  4. Күч менен машыгуу: калыбына келүүгө 72 саат. Жүктөмдүн кезектешүү принциби булчуң массасын тезирээк жана натыйжалуу өстүрүүгө мүмкүндүк берет, андан тышкары, бир күндө бардык булчуң топторун иштеп чыгуу көп убакытты талап кылат. Ошондуктан, булчуңдарды калыбына келтирүү үчүн убакыт берип, деталдуу силуэт түзүү үчүн көнүгүүлөрдү кезектештирүү зарыл. 
  5. Негизги машыгуудан кийин денени чыңалуу абалынан тынч абалга акырын өткөрүү. Кесипкөй эмес адамдар машыгуунун аяктоо бөлүгүн ар дайым өткөрүп жиберишет,  бирок дал ушул баскычы дененин машыгуу режиминен кадимки режимге өтүшүн камсыз кылат. Тынч абалга акырын өткөрүү  баскычында машыгуу учурунда иштеген булчуң топторун чоюу үчүн көнүгүүлөр жүргүзүлөт. Жай  кыймылдар көнүгүү учурунда чыңалган денени бошотуп, эртең менен булчуңдардын оорушун азайтат. Денени чыңалуу абалынан тынч абалга акырын өткөрүүнү туура аткаруу боюнча видео үйрөтүүчүлөр бар, ошондой эле машыгуу залында тажрыйбалуу машыгуучулардын машыгууну кантип бүтүргөнүн көрө аласыз. 

Машыгуу убактысын жана анын интенсивдүүлүгүн өзүңүздүн сезимиңизге жараша көбөйтүү керек: жакшы машыгуунун аягында денеде жагымдуу чарчоо болушу керек, ал эми ал жок болсо, кийинки жолу кыймылдын темпин же амплитудасын бир аз жогорулата аласыз. Спорттук формага кирүү бир нече айга созулат, жана бул процессти этияттык менен акырындап тездетүү керек. Интенсивдүү машыгуулар жүрөк-кан тамыр системасына зыян келтирбеши үчүн, ошондой эле чыдамкайлыкты жогорулатуу үчүн, организмге физикалык иш жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу дары-каражаттар менен колдоого муктаж, бул - "Милдронат® 250 мг капсулалары ". Милдронат® 250 мг физикалык ашыкча жүктөм учурунда иш жөндөмдүүлүктү калыбына келтирет, ошондой эле организмдин клеткаларындагы энергия алмашууну оптималдаштырат жана аларды коркунучтардан коргойт. 

Организмди өз убагында колдоо менен бирге спорттук жүктөмдөрдү туура жогорулатуу, жүрөк ооруларын алдын алууга жана натыйжага жетишүүнү тездетүүгө жардам берет. Машыгуу учурунда сиз суюктуктарды чектебешиңиз  керек - суу бардык алмашуу процесстеринде катышат, ошондуктан машыгуу учурунда суу ичүү абдан маанилүү. Ошондой эле, спорт менен катуу диетаны айкалыштырууга болбойт, анткени булчуңдарга курулуш материалдары керек. Салмакты түшүрүү үчүн суткалык дефицит углеводдордун эсебинен гана эң көп 200 ккал.га жол берилет. Болбосо, машыгуу ритмине кирүү үчүн энергия жетишсиз болот. 

Машыгууга туура мамиле кылуу, алардын интенсивдүүлүгүн акырындык менен жогорулатуу сизге идеалдуу спорттук формага тезирээк, жаракатсыз жана бузулууларсыз жетүүгө жардам берет. 

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.