Суроо-Жооп

  • Эмне үчүн Милдронат®250 мг?

    Милдронат®250 мг физикалык жана акыл-эстик ашык жүктөмдөрдө иш жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү менен организмдин клеткаларында энергетикалык алмашууну оптималдаштырат, пайда болгон ашык жүктөмдөргө көз карандысыз күч-кубаттуу жана сергек болууга мүмкүндүк берет.

  • Препарат кимге дайындалган?

    18 жаштан жогору чоң адамдарга.

  • Кандай учурларда Милдронат® 250 мг колдонуу зарыл?

    Милдронат® 250 мг төмөнкү учурларда колдонуу зарыл:
    • Акыл-эстик жана физикалык жогору күч келүүлөрдө;
    • Иш жөндөмдүүлүгү төмөндөгөндө;
    • Көңүл буруу концентрациясы төмөндөгөндө;
    • Эс тутум начарлаганда;
    • Физикалык чыдамдуулуктун төмөндөшүндө
    • Акыл-эстик жана физикалык ашык жүктөмдөрдөн кийин

  • Милдронат® 250 мг кантип ичүү керек?

    Күнүнө 2 капсуладан. Бардык доза эртең менен бир жолу же 2 бөлүп кабыл алынат. Колдонуу курсу: 4-6 жума. Зарыл учурда кабыл алуу курсун жылына 2-3 жолу кайталоого болот. Препараттын түрткү берүүчү таасирине байланыштуу, аны күндүн биринчи жарымында ичүү сунушталат.

  • Психоэмоционалдык ашык жүктөмдү кантип билсе болот?

    Кыжырдануу, оюн топтой албастык, башкаларга жана өзүнө нааразы болуу, чарчагандык, уйкусуздук, баш оору, булчуңдардын, муундардын оорушуна даттануулар.

    Ашык жүктөмдөр физикалык жана психологиялык ыңгайсыздыкты сезүүгө алып келет, адамдарга толук жашоого жана коюлган максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылат.

  • Милдронат® 250 мг рецепти жок сатылабы?

    Ооба, Милдронат® 250 мг дары каражаты рецепти жок берилет.

  • Милдронат® 250 мг күндүн кайсы мезгилинде ичүү жакшы?

    Милдронат® 250 мг күндүн биринчи жарымында ичүү сунушталат, себеби организмге сергитүүчү таасир көрсөтөт.

  • Милдронат® 250 мг башка дары каражаттары менен бирге ичүүгө болобу?

    Ооба, мельдонийди бир убакта узак таасир берүүчү нитраттар жана башка антиангиналдык каражаттар, жүрөк гликозиддери жана заара айдоочу препараттар менен колдонууга жол берилет. Ошондой эле аны антикоагулянттар, антиагреганттар, аритмияга каршы каражаттар жана кандын кыл тамырларда айлануусун жакшыртуучу башка препараттар менен айкалыштырууга болот. Кенерирээк нускамасында.

  • Улгайган адамдарга Милдронат® 250 мг колдонууга болобу?

    Ооба, анткени улгайган куракта көпчүлүк бейтаптарда иш жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн симптомдор байкалышы мүмкүн. Бирок нускамадагы каршы көрсөтмөгө, мүмкүн болуучу дарылык өз ара таасирлерине жана башка эскертүүлөргө көңүл буруу зарыл.

  • Астения деген эмне?

    Астения (грек. – алсыздык, күчтүн жок болушу), эл аралык ооруларды классификациялоо боюнча аныктамасында, бул “дайыма жалпы алсыздыкты, жогору чарчоону (күч келүүнүн ар кандай түрлөрүндө) сезүү, ошондой эле иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү”. Мындай сезимдер көбүнчө булчуң жана баш оорулары, баш айлануу, уйкунун бузулушу, кыжырдануу, эс ала албастык менен айкалышат.

Каршы көрсөткүчтөрү жана терс таасирлери бар, адиске кайрылуу зарыл.