Препарат жөнүндө

Милдронат®, ампулы 100мг/мл, 5 мл N10, N20
Милдронат® 500 мг N60, N90

МИЛДРОНАТ® жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн органдарга жана ткандарга мультифакторлуу коргоону камсыз кылуучу эки таасир берүүчү механизми бар зат алмашуунун оригиналдуу корректору.

  • Стенокардиясы, өнөкөт жүрөк жетишсиздиги, мээ кан айлануусунун бузулуусу бар оорулууларда клеткаларды ишемиялык жабыркоолордон коргойт.
  • Физикалык күч келүүгө толеранттуулукту жогорулатат жана когнитивдик функцияларды жакшыртат.
Милдронат® өзүнүн таасир берүү механизмине байланыштуу жүрөк – кан тамыр ооруларын комплекстүү дарылоодо кеңири колдонулат: жүрөктүн ишемиялык оорулары (стенокардия, миокард инфаркты), өнөкөт жүрөк жетишсиздигинде, мээнин кан менен камсыз болушунун курч жана өнөкөт бузулуусу (инсульт, цереброваскулярдык жетишсиздик), ошондой эле акыл-эс жана физикалык ашыра жүктөмдөрдө иш жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн.

Ишемия шартында мельдоний клеткаларга кислородду жеткирүү жана аны клеткаларда керектөө процесстеринин ортосунда тең салмактуулукту калыбына келтирет, аденозинтрифосфатты (АТФ) жеткирүүнүн бузулушун алдын алат; ушуну менен бир убакта кислороддун кошумча керектөөсү жок өтүп жаткан гликолизди активдештирет. Карнитиндин концентрациясынын төмөндөшүнүн натыйжасында кан тамыр кеңейтүүчү касиеттерге ээ болгон гамма-бутиробетаин күчөтүлгөн түрдө синтезделет. Таасир берүү механизми анын фармакологиялык таасирлеринин көп түрдүүлүгүн аныктайт: иш жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, физикалык жана психикалык ашыра чыңалуу симптомдорун азайтуу, ткандык жана гуморалдык иммунитетти активдештирүү, кардиопротектордук таасири;  

Милдронат®

  • миокарддын жыйрылуусун жогорулатат, физикалык күч келүүгө толеранттуулукту жогорулатат, стенокардия приступтарынын жыштыгын төмөндөтөт.

  • церебралдык гемодинамиканын жана когнитивдүү функциялардын көрсөткүчтөрүн жакшыртат, астениялык синдромду азайтат.

  • физикалык жана акыл-эс иш жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Шилтемелер:

Милдронат® препаратын колдонуу боюнча нускама (КР ДКжМБК департаментинде бекитилген препараттын нускамасына шилтеме)

Рецепт менен берилет!

В.Я. Дзерве, И.Я. Калвиньш. МИЛДРОНАТ® КАРДИОЛОГИЯДА, Изилдөөлөр сереби, Рига 2013-жыл;

З.А. Суслина, Т.Н. Федорова. Өнөкөт цереброваскулярдык оорулар: Милдронаттын клиникалык жана антиоксиданттык натыйжалуулугу.

Врач. 2007. № 4;

САЛАМАТТЫК САКТОО АДИСТЕРЛЕРИ ҮЧҮН МААЛЫМАТ