Физикалык чыдамкайлык заманбап дүйнөдө мындан бир нече кылымдар мурункудай бааланбайт. Адамдар барган сайын көп убакыт кыймылсыз өткөрүшөт, сейилге сейрегирээк чыгып, көбүрөөк кайдыгерликтен жана чарчоодон жапа чегишет - акыры, дайыма кыймылсыз болуу, жүрөк-кан тамыр системасынын, таяныч-кыймыл аппаратынын иши жана, ошондой эле баш мээ акырындык менен бузулат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, физикалык чыдамкайлыктын төмөндөшү кыйыр түрдө когнитивдик жөндөмдөрдүн төмөндөшүнө таасирин тийгизип, жалпы бузулууга алып келет.
Эмне үчүн чыдамкайлык керек?
Алгач физикалык чыдамкайлык адамдарга узак жөө жүрүүлөрдү жана саякаттарды жасоого, оор жана бир түрдүү жумуштарды аткарууга, аба ырайынын татаал шарттарына жакшы туруштук берүүгө жана экстремалдык кырдаалдардан салыштырмалуу оңой чыгууга мүмкүндүк берген. Мындай чыдамкайлык бала кезинен эле калыптанган, азыркы балдар да аны табигый машыгууларды: жөрмөлөө, секирүү, чуркоо, тепкичтерге жана бактарга чыгуу, кыймылдуу оюндарды ойноо аркылуу өнүктүрүшөт. Күнүмдүк активдүүлүк соо таяныч-кыймыл аппаратынын калыптанышына, шамдагайлыкты жана ийкемдүүлүктү өрчүтүүгө мүмкүндүк берет жана албетте, чыдамдуулукту жогорулатат.
Жаш кезинде физикалык чыдамдуулуктун эсебинен адамдар бир жума бою эки саат уктай алышат, активдүү жашоо образын жүргүзүшөт жана кошумча лекцияларга катышып, эки жумушта иштей алышат. Кесипке ээ болууга же карьерага умтулган жаштар үчүн активдүүлүк жана туруктуулук аз ооруп, тез айыгып, жаңы шарттарга оңой көнүп кетүүгө жардам берүүчү өтө зарыл болгон шарттар.
Стресстүү шарттарда өзүн жакшы сезе билүүдөн тышкары, физикалык туруктуулук төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- күчтүү иммунитет,
- энергиянын чоң запасын,
- жогору акыл-эс активдүүлүгүн,
- жогору адаптацияны,
- дененин кыймылынын көрктүүлүгү жана эстетикалык жагымдуулугу,
- соо таяныч-кыймыл аппараты,
- таза дем алуу жана жүрөк – кан тамыр системасы
Тилекке каршы, калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жок ошол чыдамдуулукту активдүү колдонуунун мезгили көбүнчө активдүүлүктүн акыркы тамчысы болуп калат, андан кийин адамдар чыдамкайлык деңгээлин калыбына келтирбей, энергияны үнөмдөп, дүкөнгө баруу да эрдик болуп көрүнгөн абалга акырындык менен келишет.
Чоң адамга физикалык чыдамдуулукту кантип калыбына келтирүүгө жана өркүндөтүүгө болот?
Балдар жана өспүрүмдөр физикалык активдүүлүгүн чектебесе, табигый түрдө чыдамкайлыкты өнүктүрүшөт. Чоң адамдар үчүн кыймылдуу оюндар жана узак сейилдөө жолу көбүнчө жабык: бош убакыт көп эмес, жана да көп учурда күч жетишсиз. Ошондуктан, чыдамкайлыкты өнүктүрүүнүн жеңилирээк, бирок натыйжалуу жолдорунан баштоо керек.
Мисалы, кечинде жөө сейилдөө, акырындык менен жолду узартуу, же күн сайын эртең менен муундар үчүн жана денени жибитүүчү көнүгүүлөрдү 10-15 мүнөт жасаңыз. Кошумча сиз контрасттуу душ же муздак суу менен сүртүнүү аркылуу организмди чыңалтуу процедураларын баштасаңыз болот. Анан, албетте, өзүңүз үчүн спорттук секцияны тандап алышыңыз керек: пилатес, сууда сүзүү, бий аэробикасы, мында сиздей эле адамдардын чөйрөсүндө керектүү жүктөмдү алып, ошол эле учурда көңүл ачууга болот. Башында кыйын болот. Жада калса тез басуу энтигүүнү жана алсыздыкты пайда кылат. Ал эми биринчи аэробика көнүгүүлөрү баш айланууга, ал тургай, эс-учун жоготууга алып келиши мүмкүн. Себеби, жүрөк жана мээ ткандары кычкылтекке муктаж болуп турат: жүктөмгө көнбөгөн дене бир кыйла көп энергияны керектейт жана кычкылдануу процесстери үчүн кычкылтек жетишсиз.
Ошондуктан чыдамкайлыктын өнүгүшүнүн биринчи этаптарында машыгуу учурунда клетка ичиндеги зат алмашууну оптималдаштыруучу препараттарды кабыл алуу сунушталат. Мисалы, Милдронат® 250мг ткандарда туура зат алмашуу процесстерин түзүүгө жардам берет жана гипоксия учурунда сөзсүз түрдө пайда болгон, толук эмес алмашуудан пайда болгон продуктулардан миокард клеткаларынын мембраналарын бузулуудан коргойт. Дарыны кабыл алуу курсу (күнүнө 2 капсуладан 4-6 жума бою) машыгуунун баштапкы этабында көптөгөн кооптуу кырдаалдардан алыс болууга жана физикалык чыдамкайлыкты тезирээк жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Физикалык чыдамдуулукту жогорулатуучу кыйыр факторлор
Машыгуулар физикалык күчтү жана чыдамдуулук көрсөткүчтөрүн жогорулатат, бирок ден-соолукту жана жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бир гана активдүүлүк жетишсиз. Ошондой эле төмөнкүлөр талап кылынат:
- суткасына 7-9 сааттан кем эмес, жагымдуу аба табында жакшы матраста сапаттуу уйку;
- жетиштүү сандагы белок, май жана клетчатка менен үзгүлтүксүз тамактануу;
- мүмкүн болгон ооруларды алгачкы баскычтарында аныктоо үчүн дарыгер тарабынан үзгүлтүксүз текшерүү;
- жалгыз калуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу;
- физикалык жана интеллектуалдык өзүн-өзү өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү;
- пикирлештердин болушу.
Бул факторлор организмдин стресске туруктуулугун жана физикалык чыдамдуулугун кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле маанайды жакшыртат жана иштин натыйжалуулугун жогорулатат.